Өзбекстан менен Россия россиялык аймактардагы айыл чарба жерлерин өзбекстандык фермелерге берүү маселесин өз ара талкуулап жатат. Ал эми алынган түшүм Өзбекстанга чыгарылып кетмекчи. Бул тууралуу Өзбекстандын айыл чарба министрине шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Хожаев менен Россиянын айыл чарба министринин орун басары Сергей Левин бул тууралуу өз ара талкуулашкан. Министр Ж. Хожаевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Россиянын аймагынан өзбек фермелерине айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана түшүмдү Өзбекстанга чыгарып кетүү үчүн алдын ала макулдашууга жетишилген. Белгилеп кетчү нерсе, Россиянын аймактарында жер кыртышына ылайык келген өсүмдүктөр, мисалы, май өсүмдүктөрү, буурчак, буудай айдалмакчы. Бул үчүн быйылкы август айында Өзбекстандын айыл чарба министрлиги россиялык тарапка айдалуучу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмесин жана айдала турган зарыл аянттардын эсебин берген.
Ошол эле министр Хожаевдин айтымында, алгачкы этапта байланыштарды жана өз ара аракеттенишүү механизмдерин калыпка салуу максатында 35 миң гектар аянттын долбоору сунуш кылынууда. Ал эми жакынкы жылдарда айдалуучу аянтты 300-500 миң, келечекте 1 миллион гектарга жеткирүү каралууда. Мунун баары Россия тарап менен кызматташууну арттыруу аркылуу Өзбекстандын бул тармагын өнүктүрүү жана жарандарга шарт түзүү үчүн.
Бул жолугушууларда тараптар Россиянын айыл чарба жерлерин өзбек фермелерине бөлүп берүү, узак мөөнөттүү ижарага берүү маселелери талкууланган. Ал эми бул маселелер боюнча конкреттүү чечимдер өзбекстандык тарап Россия Федерациясына барган октябрь айында биротоло кабыл алынат.