www.versia.kg
Четверг, Июнь 12, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ӨЗБЕКСТАН ЖАНА ТАЛИБДЕР ЭНЕРГЕТИКАЛЫК, КОММУНИКАЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАШАТ

08.10.2021
0 0
0
SHARES
405
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстан жана Афганистанда бийликке келген талибдер жакынкы мезгилде “Сурхан – Пули-Хумри” электр өткөрүү линиясын, “Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар” темир жолун куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Мындай өз ара кызматташуу ниети Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн башчысынын орун басары молдо Абдулла Кабир менен Кабулдагы жолугушуу учурунда белгилүү болгон. Тараптар өлкөдөгү абалды талкуулоо менен бирге Афганистандын элине гуманитардык жана башка жардамдарды көргөзүү, ошондой эле өлкө аймагында энергетика жана унаа чөйрөсүндөгү ири инфратүзүм долбоорлорун ишке ашыруу жаатында сүйлөшүшкөн.

Афган делегациясынын мүчөлөрү Өзбекстанга Мазари-Шариф эл аралык аэропортунун ишин калыбына келтирүүгө, өлкөгө зарыл болгон азык-түлүк жана башка керектүү товарлар ташылып турган өзбек-афган чек арасынын үзгүлтүксүз иштешине көмөк көрсөткөнү үчүн терең ыраазылык билдиришкен. Ошондой эле жакынкы мезгилде тараптар Термез шаарында соода-экономикалык маселелер, анын ичинде “Сурхан – Пули-Хумри” электр өткөрүү линиясын, “Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар” багытындагы темир жолун куруу тууралуу талкуулоого макулдашышты. Афган тараптар бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келген өзбек адистеринин коопсуздугун камсыз кыла турганына ишендиришти.

Расмий Кабул өлкөнүн аймагынан бир тууган Өзбекстан тарапка эч кандай коопсуздук коркунучу болбой турганы ишенимдүү билдирди.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын бийликтери Афганистандын мурдагы өкмөтү менен “Сурхан – Пули-Хумри” электр өткөрүү линиясын куруу тууралуу макулдашкан. Бул электр өткөрүү линиясы Өзбекстандан Афганистанга болгон электр кубатын экспорттоону 70 пайызга же жылына 6 миллиард киловатт/саатка көбөйтмөк. Ошондой эле бул электр өткөрүү линиясы Кабулду Борбор Азиялык бирдиктүү энергетикалык системасына кошот.

Ал эми “Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар” багытындагы темир жолун куруу Түштүк Азиядан Европага Борбордук Азия аркылуу жүк ташуунун мөөнөттөрүн жана наркын кыйла азайтат.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоонун уникалдуу мүмкүндүктөрүн ачат, анткени он миңдеген жумуш орундарын түзүү менен өлкөдөгү пайдалуу бай кендерди (жез, цинк, темир рудасы, калай, мармар, гранит травертин жана башкалар) иштетип, экономикалык өнүгүүнү шарттайт.

Мурдагы пост

МАЙЛУУ-СУУ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТ ЧАКАН ГЭС КУРАТ

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАН 100 МЛН ДОЛЛАРГА БЕНЗИН ИМПОРТТОДУ

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАН 100 МЛН ДОЛЛАРГА БЕНЗИН ИМПОРТТОДУ

ӨЗБЕКСТАН 100 МЛН ДОЛЛАРГА БЕНЗИН ИМПОРТТОДУ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In