Жалал-Абад маданият техникумунун директору Таштанов Абдыжалил Жолоевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу техникумдун эмгек жамаатынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. Жаманкуловдун колу коюлган 201-буйрук 2021-жылдын 16-декабрында чыккан. Буйрукта техникум директору А. Таштанов Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 11-пунктуна ылайык 2021-жылдын 17-декабрынан тарта ээлеген кызматынан бошотулары жазылган. Кодекстин аталган беренесинин 11-пунктунда “уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса” кызматтан бошотулары көрсөтүлгөн.
Алынган ишенимдүү маалыматтарда маданият техникумунун директору А. Таштановдун кызматтан бошотулушуна техникумдун мугалимдеринин жана ата-энелердин жазган арызы себеп болгону айтылат. Арызда жетекчинин этикага туура келбеген жүрүм-туруму, кемчиликтери жөнүндө жазылган.
Эскерте кетсек, А. Таштанов бул кызматта 1994-жылдан 2005-жылга чейин иштеген. Кызматтан бошотулгандан кийин үч айдан кийин эле кайра бул кызматты ээлеп калган. Кийин 2019-жылы иштеги кемчиликтери үчүн кызматтан алынып, соттошуулар аркылуу 2021-жылдын 28-октябрында кайра кызматтык абалын калыбына келтирген.
Бирок, бул жолкусунда анын жетекчи болуп иштешине мугалимдер менен ата-энелер да макул болушпады.