Быйылкы жылдын 26-апрелинен тарта Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу менен кызматынан бошотулган Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү тейлөө автобазасынын жетекчиси Жыргал Джапаров Жалал-Абад областтык сотунун күчүнө кирген чечими менен мурдагы кызмат ордуна кайтып келди. Жалал-Абад шаарынын жаңыдан шайланган мэри Эрнисбек Ормоков 10-декабрдан баштап аны кызматына кайра дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Ошентип, Жалал-Абад шаарындагы жүз берген дагы бир мыйзамсыздык жокко чыкты.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев Жыргал Джапаровду ээлеген кызматынан 26-апрелдеги буйругун коммуналдык маселелер боюнча вице-мэрдин кызматтык катынын негизинде чыгарып, ага “Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 83-беренесинин 1-пунктунун 5-подпунктун жана 146-беренесинин 1-пунктунун 3-подпунктун колдонгон.
Ошол кезде Ж. Джапаров журналисттерге бул буйрук мыйзамсыз чыгарылганын айтуу менен Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абалдар жөнүндө” конституциялык мыйзамынын IV главасынын 22-беренесинин 7- жана 8-пункттарында өзгөчө абал учурунда жүйөлүү себептерсиз мекеме жетекчилерин, кала берсе катардагы жумушчуларды да кызматтан алууга жол берилбесин түшүндүргөн эле. Ошол кезде Жалал-Абад шаары таажы вирусунун жайылышына байланыштуу өзгөчө абал режиминде болчу.
Ошондой эле Ж.Джапаров шаар мэри М. Тагаев жана анын биринчи орун басары бир жыл мурун, 2019-жылы апрелде кабинетке чакырып алышып, анын кызматтан кетүүсүн сунуш кылышкан. Ж. Джапаров макул болгон эмес, себеби беш жылдай мурун аны жетекчи кызматка коюшканда ишкананын карызы 3 миллион сомдон ашуун болчу. Бир жыл ичинде ишти жолго коюп, карызды жоюп гана калбай жыл аягында да дайыма карызы жок чыгып келишет. Өзүнүн айтымында, андан кийин да аны кызматтан кетирүү аракеттери байкалып келди.
Дагы бир эске ала турган нерсе, Ж. Джапаров 3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран эсептелет. Буга чейин Жалал-Абад шаарынын бир аймактык башкармалыгын жетектеп келген.
Шаар мэринин жана анын биринчи орун басарынын мындай аракеттерин мыйзамсыз деп эсептеп, ал өзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүү максатында Жалал-Абад шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Жалал-Абад шаардык соту бул доо арызды карап, быйылкы 17-июль күнү Ж. Джапаровдун өтүнүчүн канааттандырган чечими кабыл алды. Бирок, шаар мэри шаардык соттун чечимине нааразы болуп, апелляциялык тартипке Жалал-Абад областтык сотуна арыз менен кайрылган жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.
Жалал-Абад областтык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы шаар мэринин апелляциялык арызын быйылкы 18-ноябрда карап, тараптардын жүйөлөрүн угуп, Жалал-Абад шаардык сотунун 17-июлдагы чечимин өзгөртүүсүз жана Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаевдин апелляциялык даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө аныктама чыгарды.
Ошентип, Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаевдин мыйзамсыз буйругу жокко чыгып, адилеттик орноп, мыйзамсыз түрдө кызматынан алынган Ж. Джапаров кайра кызматына келди. Албетте, Ж. Джапаров мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке, өкүм-зордукка дуушар болуп, укугу бузулуп, кыйла психологиялык-моралдык жактан кыйынчылыктарды тартканы түшүнүктүү. Эми ал мурдагы шаар мэринен тарткан моралдык зыянды өндүрүп алуу үчүн сотко доо арыз менен кайрылууга толук укуктуу.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев кызматка 2018-жылы июнь айында келген, ага чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган. Ал шаар мэри болуп келген соң мурда иштеп келген ондон ашуун жетекчи кадрлар кызматынан кеткени маалымдалган. Массалык маалымат каражаттарында илгери зөөкүрлүк жасап, соттолгону жана түзөтүү колониясында жатып чыкканы, кийин деле мэр болуп иштеп турганда чоң муштумдук өнөрүн улантып келгени, бир тууган абасы Абибилла Тагаев президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы — Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кудасы экени, ошонун аркасы менен шаар мэри болуп калганы тууралуу айтылып жана жазылып келет. Ал шаар мэри болуп турган учурда Ж. Джапаров сыяктуу мурдатан иштеп келаткан кадрларды кызматтан мыйзамсыз алганы менен өзүнүн эки жакын тууганын жетекчи кызматтарга дайындап салган. Алардын бирөө Абибилла Тагаев азырга чейин жетекчи кызматта.
М. Тагаев мэр болуп иштеп турганда иштеги көптөгөн кемчиликтери, мыйзамсыз аракеттери тууралуу массалык маалымдоо каражаттарында жана интернет желесинде көп маалыматтар таркаган. Ал эми М. Тагаевин өзү быйылкы 5-октябрдагы саясий окуялардан кийин кызматын тапшырып кетүүгө мажбур болгон.