Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар майыптыгы боюнча кайсы бир топко чыгуу үчүн пара бериш керекпи? Бул боюнча КР Өкмөтүнүн областтагы өкүлүнө даттанган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көбөйгөн.
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев коррупцияга аралашкан медициналык социалдык экспертизалоо комиссиясынын (МСЭК) мүчөлөрүн жана бейтапка орой мамиле жасаган медицина кызматкерлерин катуу сынга алып, атайын жыйын өткөрдү.
Отурумга областтын прокурору Айбек Турганбаев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областындагы башкармалыгынын башчысы У. Тиленов, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад областындагы башчысы А. Осмонов, областтык бириккен клиникалык ооруканын башкы дарыгери Кумар Ботокараев аймактык МСЭК өкүлдөрү катышты. К.Сатыбалдиев мындайча позициясына баруусуна келип түшкөн арыз-муңдардын көптүгү себеп болгон.
-Төшөктө жатып калган, өз алдынча тамактана албаган адам майыптыгы боюнча жок дегенде 3-топко чыккан эмес. Бизге кайрылгандан кийин мөөнөтсүз 1-топко чыгарылды. Менде факты жок, бирок коррупция токтобосо, тыңчы жалдпп болсо да, мыйзам чегинде жазага тарттырабыз, – деди К. Сатыбалдиев тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнө.
Ошондой эле, өкмөт өкүлү буга чейин ооруканага кайрылган бейтаптарга орой мамиле жасалары тууралуу даттануулар түшкөндүктөн, жашыруун барып, андай фактыларга өзү күбө болгондугун билдирди. Медицина кызматкерлерин так жана таза иштөөгө, сылык болууга чакырды.
Ал эми Жалал-Абад областынын прокурору Айбек Турганбаев буга чейин башка областтарда соо адамга майыптык топко чыгаруу документин берип кармалган фактылар болгондугун айтып мисал келтирди.
Эске сала кетсек, 2018-жылы Жалал-Абад областы боюнча жалпы 31 миң 150 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар деп катталган болсо, үстүбүздөгү жылы алардын жалпы саны 39 миңге жеткен.