Кыргызстан менен Индия — салттуу баалуулуктарга негизделген байыркы, тарыхый тарых-таржымалдары бар өлкөлөр. Байыртадан келген маданий байланыштар элдердин ортосундагы карым-катнаштардын тереңдигин, жыл өткөн сайын бекемделип баратканын көрсөтөт. Кыргызстанда Индиянын маданияты жакшы таанымал жана баркталып келет – Бишкектеги көпчүлүк кыргызстандыктар индиялык ашканага кызыгышат, эл ичинде индиялык фильмдерди көргөндөр арбын, ошол эле кезде Кыргызстан 17 000 индиялык студентти өзүнө кабыл алып келет. Ошондой эле Индия Бишкек-Дели-Бишкек багытындагы дайымкы авиакаттамдын ишин жаңыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, жолдун узактыгы болгону эки жарым саатка барабар. Өлкөлөр өз ара маданий мурастарды сактоо жана коргоо, биргелешкен археологиялык изилдөөлөр алкагында тарыхый-маданий эстеликтерди, кол жазмаларды сактоо жаатында кызматташууга бел байлашты.
Өлкөлөр ортосунда жогорку деңгээлдеги дайымкы реалдуу байланыштарга негизделген саясий жогорку деңгээлдеги бекем өз ара ишеним бар. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин 2019-жылы Кыргызстанга келген маалында эки тараптуу мамилелер жаңы бийиктикке көтөрүлүп, стратегиялык өнөктөштүк статусуна жеткен. Бул маанилүү иш-чарада Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы түзүлгөн инвестициялык келишимге, ошондой эле эки тараптуу кош салык салуудан оолак болуу максатында мурда түзүлгөн Келишимге киргизилген түзөтүүлөргө кол коюулуп, бизнес-коомчулуктар арасында өз ара пайдалуу жана ийгиликтүү кызматташууларга жол ачылды.
Айыл чарба секторунда Кыргызстан бардык стандарттарга ылайык келген экологиялык таза өнүмдөрдү чыгара алат. Акыркы жылдары Кыргызстандан Индияга айыл чарба азыктарынын экспорту туруктуу көбөйүп баратканы кубандырат. Текстиль жана тигүүчүлүк өнөр жайы Кыргызстандын жеңил өнөр жайындагы эң эле өнүккөн сектор болуп саналат. Ички рыноктун аздыгына байланыштуу ал тышкы рынокко багытталган жана “Кыргызстанда жасалган” деген белги коюлган өнүмдөрдүн 90 пайызы Россия менен Казакстанга жөнөтүлөт. Бул сектор дагы да өнүгүү үчүн зор потенциалга ээ.
Кыргызстан суу-энергетикалык чөйрөдөгү орошон потенциалы менен мактана алат: жалпысынан алганда суу энергетикалык системасынын жылдык кубаттуулугунун потенциалы 142 миллиард киловатт/саатка жетет. Бүгүнкү күндө ушундай үлкөн потенциалдын араң гана 10 пайызы пайдаланылып жатат. Глобалдуу дүйнөдө энергиянын таза булактарына өтүү процесси жүрүп жаткан учурда Кыргызстан бардык өнөктөштөрүн өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалын изилдөөгө жана инвестициялоого чакырып, чет өлкөлүк инвесторлорго үлкөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылууда.
Кыргызстан өзүнүн кайталангыс жаратылыш кооздугу менен туристтик албан потенциалга да ээ экени жашыруун эмес. Өлкө экотуризмдин, тоо туризминин, альпинизмдин, аңчылыктын жана эс алуунун башка да түрлөрүн өнүктүрүү багытындагы көптөгөн коруктарга, биосфералык аймактарга, курортторго жана эс алуу жайларына бай. Кыргызстан Европа шериктештигин, АКШнын жана Улуубританиянын визасы бар индиялык туристтер үчүн визасыз режимди сунуш кылып келүүдө. Андан тышкары, көптөгөн индиялыктар Кыргызстанга анын түнкү жашоосуна суктануу менен түнкү клубдарына жана казинолорго кызыгып келишүүдө, анткени алардагы тейлөө кошуна мамлекеттерге караганда кыйла арзан.
Кыргызстандын өкмөтү “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Бул ишкананын өкүлдөрү байланыштарды бекемдөө жана фармацевтикалык өнүмдөрдү түз жөнөтүү боюнча контракттарды түзүү максатында Индияга бир нече жолу барышкан. Ал эми бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн кыргыз жана индиялык банктардын ортосунда түз корреспонденттик мамилелерин калыптандыруунун мааниси зор. Азыркы учурда 17 000 индиялык стдуент жана Кыргызстандан 200 медициналык туристтер индияга барып, медициналык процедуралардан өтүшөт жана ден соолугун калыбына келтиришет. Бирок, алардын колунда накталай акчалары болууга тийиш, себеби кыргызстандык банктарда корреспонденттик же интернет аркылуу акча которуу (пиринг) мамилелери калыптанбаган.
Тоо-кен өнөр жайы, айрыкча алтын өндүрүү саясий жактан сезимтал, бирок үлкөн рыноктук мүмкүнчүлүктөрү менен чет элдик инвесторлорду кызыктырган пайдалуу сектор болуп саналат. Мисалы, 2022-жылы бул аймактагы эң зор Кумтөр алтын кенинде 556 375 унция (болжол менен 17 305 килограмм) алтын казып алынган. Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан таза энергиясы үчүн зарыл болгон пайдалуу кендерге абдан бай.
Кыргыз Республикасында мамлекеттикпи же жеке менчик сектор болобу, айтор маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын кызматына болгон туруктуу талап бар. Мамлекеттик структуралар үчүн программалык камсыздоо жана тейлөө, ИТ-жабдууларды сатуу, кең тилкелүү жана зымсыз интернеттин инфраструктурасын куруу, ар кайсы процесстерди санариптештирүү багытында киберкоопсуздук жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуу жаатында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Деген менен, 2021-жылы Кыргызстандын өкмөтү Санариптик өнүгүү министрлигин түзүп, 2011- жана 2023-жылдары “Жогорку технологиялар паркы” жана “Креативдүү индустрия паркы” аркылуу салыктык жеңилдик режимин киргизген. Өкмөт бүт өлкө боюнча жарандарды тейлөөнү санариптештирүү багытында өнөктөштөрдү активдүү издеп жаткан учуру.
Энергия, баарыдан мурда суу энергетикасы өкмөт үчүн негизги приоритет эсептелет да, бул багытта кичи суу электр станцияларын куруу жана иштеп жаткан ири станцияларды модернизациялоо максатында тышкы инвестициялар изделип жатат. Ошол эле кезде күн, геотермалдык жана биомассалык энергия рыногу кыймылдай элек. Азырынча бир нече ири күн фермаларын куруу үчүн долбоорлор жарыяланган, аларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрү изилденип жаткан кез. Электромобиль каражаттарына (е-унаа каражаттарына) болгон кызыгуучулук өсүүдө, ошол эле кезде импорт үчүн салык жеңилдиктери да киргизилүүдө.
Банк сектору да эл аралык компаниялар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Кыргызстандын банктары жана ишканалары үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жагынан сунуш-талаптар арбын. Өкмөт суверендик облигацияларды чыгаруу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн чет элдик банктар менен кызматташты. Россиянын Украинага кол салуусунан улам 2022-жылы рынокто сунуш-талаптар көбөйдү, анткени эл аралык санкцияларга тушугуп калбоо үчүн компаниялар өздөрүнүн банктык операцияларын өзгөртүштү.
Эркинбек КАМАЛОВ.