www.versia.kg
Четверг, Июль 17, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

КАРТОШКА ЭКСПОРТУ РЕКОРД КОЙДУ

29.07.2024
0 0
0
SHARES
532
Просмотры
Бөлүшүү

Казакстандын фермерлери быйылкы жылы картошканын экспорттунун көлөмүн акыркы он жыл ичиндеги эң жогорку чекке жеткиришип, рекорд жаратышты. Негизги импорттоочулар Түркмөнстан жана Өзбекстан болуп калышты. Бул тууралуу “АПК Новости” басылмасына шилтеме берип, EastFruit платформасы жазып чыкты.

Быйылкы жылдын алгачкы беш айынын жыйынтыгы менен казакстандык картошка экспорттоочулар чет жакка 31,7 миллион доллар көлөмүндө картошка сатышты жана бул 2023-жылдын алгачкы беш айындагыга караганда 4 эсе көптүк кылат. Бул өткөн жылга гана салыштырмалуу эмес, акыркы он жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Эксперттердин баамында, быйылкы экспорттук көлөм сатылган өнүмдөн алынган киреше менен гана өлчөнбөйт. Баарыдан мурда сатылган өнүмдүн салмак өлчөмү же реалдуу көлөмү да башкы критерийлерден болуп саналат. Быйылкы жылдын алгачкы беш айында 294 миң тонна картошка сатылган, ал эми 2023-жылы беш айда 108 миң тонна гана сатылган болчу. Анан да быйылкы жылы сатылган товардын баасы тоннасына 644 доллар болсо, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 эсе көп дегендикти билдирет.

Ошентип, Казакстан картошка өнүмүн сатуу боюнча Борбордук Азиянын негизги рыногун ээлеп алды. Анткени, быйыл картошка үрөнү дээрлик толугу менен Түркмөнстанга сатылса, жаңы түшүмдүн өнүмү Өзбекстанга кеткен. Албетте, Казакстандын картошка жаатындагы ички рыногунун көлөмү да аз эмес.

Эскерте кетсек, расмий маалыматтар боюнча, өткөн 2023-жылы Кыргызстан Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга 42,2 миң тонна картошка саткан. Кыргызстандын ички керектөөсү 229,4 миң тоннага барабар, тилекке каршы, ички керектөөнү өз өнүмдөр менен толук канааттандыруу маселеси чечиле элек.

Булак: https://east-fruit.com

Мурдагы пост

ИНДИЯ МЕНЕН БОРБОРДУК АЗИЯНЫН МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫГЫ ӨНҮГӨТ

Кийинки пост

КЫРГЫЗСТАН-ИНДИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН НЕГИЗГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Кийинки пост
КЫРГЫЗСТАН-ИНДИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН  НЕГИЗГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

КЫРГЫЗСТАН-ИНДИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН НЕГИЗГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In