Каныбек Иманалиев менен Талант Мамытов башында турган депутаттык комиссиянын чечими, Башкы прокуратуранын жыйынтыгы менен эсептелүү күндөрдөн кийин экс-президент Алмаз Атамбаев кол тийбестиктен ажыратылып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилет окшоп калды. Алардын өз иштерин өтө эле активдүү баштап, күбөлөрдү шашыла тизмектеп сурагандары мындай божомол жасоого негиз берет. Алар жайкы каникулга тарагыча АША маселесин бир жаңсыл кылганга аракет кылгандары байкалып калды. Аларды минтип шаштырган АША өзү болду, “өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт” болуп, ал Кыргызстандагы эң башкы бийликтегилерге тийишип туруп алды. “Уурунун аркасы кууш болот” дечү эле, өзүнө байланышкан коррупциялык жаңжалдар, башка мыйзамсыз иштер он адамды эркинен ажыратканга жете турганын билип туруп, АША этияттанбады, тийиштүү жерин бекемирээк кыспады. Антсе анын эркиндиктеги убактысы күзгө же кышка чейин узармак, бирок ал өзүн биротоло эч кимдин алы жеткис, мыйзамдуулуктун ага таптакыр тиешеси жоктой эсептеп алганбы же ал анын психикалык өзгөчөлүгү ошондойбу, АША антип аярланган жок. Бир сөз менен айтканда, ал өзүнө мыйзамдын сыйыртмагынын тезирээк тартылышы үчүн бардык колдон келгендерин жасады.
АША коомчулук, мыйзамдуулук үчүн дагы деле коркунучтуу адам
8-июндагы сөзүндө аракеттеги бийликти, легитимдүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин ачык эле коркутуп, опузалагандыгына караганда ал ичинде мыйзамсыз экстремисттик радикалдуу чараларга барууга да эбак эле даяр болуп калган, бийликтегилер да аны эң сонун билишет. Депутаттык комиссиянын өтө активдүүлүгүн экинчи жагынан ушуну менен да түшүндүрүүгө болот. Бир жылдан ашык убакыттан бери ачыкка чыгарылып келаткан ага байланышкан коррупциялык жаңжалдар, мыйзамсыз иштер АШАнын тилектештерин, тарапташтарын аябай азайтты, жанында беш алты эле адам калды. Ал мамлекеттик резиденциядагы, Кой-Таштагы үйлөрүнүн подвалдарына жыйган жашылбайларынын баарын чачса да өзү ойлогондой адамдарды чогулта да, колдоого ээ боло да албайт. Бирок АША коомчулук, мыйзамдуулук үчүн дагы деле коркунучтуу адам. Анткени, ал реалдуу кырдаал, жагдай, башкалардын ден соолуктары, өмүрлөрү менен эсептешпей адекваттуу эмес кадамдарга бара бере турган адам. Бир кезде АША өзү “ушул придурокту шлепянуть этип салбайсыңарбы, Бакиевдерге шылтап коёт элек” деп өлүмүн эңсеген “эски досу” Азимбек Бекназаров айткандай, “АША мамлекетти, коомду чагып” уусун таркатып жибериши толук мүмкүн.
АШАга кандай айыптар тагылууда?
Парламенттик комиссиянын ишинин жүрүшүндө экс-президент Алмаз Атамбаев 9 пункт боюнча айыпталып жаткандыгы маалымдалды.
Анын биринчи – мурда коомчулукка таптакыр белгисиз болуп келген пункту – ал премьер-министр, президент болуп турганда Россиянын 123 жаранына мамлекеттин эсебиндеги ок атуучу куралдарды бекер таркатып берген экен. Ачык айталы, биз бул тууралуу мурда эч укпаганбыз. Мамлекеттик чоң чиновниктер элге эмгеги сиңген адамдарга кээде тапанчаларды белек кылыша тургандыгы жөнүндө укчубуз, бирок мынчалык өлчөмдөгү куралдар чет өлкөлөрдүн жарандарына берилерин ойлогон да эмеспиз. АШАнын колунан андай куралдарды алгандардын арасында бар экен. Курал жарактар Россиядан чыгарылса, бизге ал жактан жардам катарында келсе, алардын мыктыларын, кымбаттарын АША Россиянын жарандарына таркаткандыгын самодурлуктан башка эч нерсе менен түшүндүрө албайбыз. Анткени, Россиянын жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктери курал жагынан АШАнын жардамына муктаж деле эмес, анын үстүнө курал менен сыйланды дегендердин 99 пайызы Кыргызстанга келишпептир деле. АША куралдарды жөн эле ошолорго жаздырып коюп, бир күнү кереги тийет деп баарын Арашанга апарып бекитип алган эмеспи? АШАнын тушунда чет элдик кызмат адамдарынын ысымдарын коррупциялык максаттарга пайдалануу да болгон. Алсак, Ысык-Көлдөн Өзбекстандын президенти үчүн деп, ири аянттагы жерди бөлдүрүшүп, анан аны Сапар Исаков баш болгондор өздөрүнчө бөлүшүп, сатып жиберишкендери жакында маалымдалды. Кымбат баалуу куралдар да ошондой өңүттө менчиктештирилип алынышы, же сатылып кетиши толук мүмкүн. Андай фонду 2005-жылы Ф.Кулов премьер-министр болуп турганда түзүлүп, 2010-жылга чейин “белекке берилди” деген шылтоо менен жалпысынан 350 даана курал 17 миллион долларга сатылган экен. Же АША баштаган жетекчилер аскерлердин куралдарын да сатып, сол чөнтөктөрүнө уруп турушкан. Ф.Кулов бекеринен темир генерал деп аталбаса керек. Эмнеси болсо да бул маселе аябай дыкат текшерилиши .керек.
Экинчи. АША 4,5 миллион долларга (эки орто мектептин имаратынын баасы) хан сарайын курган Кой-Таштагы 2,6 гектар жер мурда Максим Бакиевдики болсо, кийин “Дастан” ААКга, андан анын директору Албек Ибраимовдун аялына өткөрүлүп, ал аркылуу АШАга тийгендигин жакшы билебиз. Ошентип тазасынган АША Макстын “тарпына” ээ болгон. Ал иштердин бардыгы мыйзамсыз жолдор менен ишке ашырылган. Же АША мыйзамсыз “Макстын тарпы” операциясына активдүү аралашкан. Ал үчүн жооп берүүсү зарыл.
Үчүнчү. АША Кыргызстандагы ири иштердин бардыгынын башында тургандыгын мактанып айтып келет. Демек, ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан коррупциялык схеманын башында турган. Аны ишке ашырууда Кыргызстандын аракеттеги 9 мыйзамы бузулган, мамлекетке жалпы көлөмү 111 миллион долларлык зыян келтирилген. Кийин 500 миллион доллар болуп кайтарыла турган макулдашуунун долбоору да даярдалбаган, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси, сметасы түзүлгөн эмес, Кыргызстандагы аракеттеги мыйзамдарынын бирине да ылайык келбеген ЕРСтик келишим деген менен гана башталган. Эки тарап макулдашып, Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын модернизациялоонун көзөмөлдүк саны 386 миллион доллар болот деп аныктап алышып, шапкелерди, откаттарды чыгарып алгандан кийин аткарылган иштерди кандай жол менен болбосун ошол санга жеткирүүгө аракеттенишкен. Ал максатта жергиликтүү базарлык баасы 2,5 миң сомдук кычкачтарды 640 доллардан, 30-50 миң долларлык лифттерди 350 миң доллардан, 1,2 миң долларлык өрт өчүргүч баллондорду 3 миң доллардан, 40-50 миң сомдук видео байкагычтарды 14-15 мин доллардан сатып алынды деп кириштешкен. ЖЭБдин түтүн чыгаруучу мору 16 миллион долларга демонтаждалды деп жазышкан. Мынча акчага ар бири 625 орундуу үч кабаттуу 8 мектептин имаратын куруп бүткөрүп, толук пайдаланууга берсе болот. Кытайдан алынып келинген жабдуулардын көбү эски болгон, аны эч ким көзөмөлдөгөн эмес. Модернизациялагандан кийин ЖЭБди сыноо учурунда 237 дефекти чыккан, бирок алар четтетилбеген.
Арменияда кубаттуулугу 250 мегаваттык ЖЭБ 250 миллион долларга, Дүйшөмбүдө кубаттуулугу 400 мегаваттык ЖЭБ 282 миллион долларга куруп бүткөрүлдү. Ал эми Бишкек ЖЭБине 120 мегаватт кошулгандыгы, 30 пайызы гана жаңылангандыгы үчүн 386 миллион доллар жумшалды. Ошондо биздеги ар мегаваттын баасы 3,2 миллион доллардан ашты. Тилекке каршы, ЕРСтик макулдашуудагы мөөнөттөн эки жыл өтүп кеткендигине карабастан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо дагы деле толук аяктай элек, дагы башка түйүндөрүнөн дефектилер чыгууда.
Төртүнчүсү. АША премьер-министр болуп турганда Байтиктин жанынан 35,6 гектар жерди мыйзамсыз түрдө айыл чарба жерлери дегенден чыгартып, элиталык шаарча салуу үчүн бир ишкерге өткөрүп берген. АША ишкердин жакшынакай көздөрү үчүн андай тобокелге барбаса керек. Бул да жакында ачыкка чыкты, дыкат текшерүүнү талап кылат.
Бешинчиси. АША Сапар Исаков сыяктуу жакындары менен бирге бийликти узурпациялап алган. Алсак, ошол убакта президенттик администрациянын бөлүм башчысы болуп иштеп турган С.Исаков өкмөттүн ишине ачыктан ачык кийлигишкен, милдетин аткарган. Ал бийлик башында кылмыштуу топту түзгөн. АША өзүн сындаган ЖМКлардын, журналисттердин бардыгын чоң көлөмдөгү айып пулдар менен сындырып, муунтууга аракеттенген. Судьялар анын буйругу менен “Заноза” сайтын, Н.Айып, А.Турдукулов, Орунбеков сыяктуу журналисттерди жалпы көлөмү 40 миллион сомдук доого жыгып, батирлерин камакка алышкан. Ал Н.Түлеев, А.Келдибеков, Б.Асанов, С.Жапаров, Д.Чотонов, Д.Сарыгулов сыяктуу саясатчыларды каматууга көрсөтмө берген. Ө.Текебаевди каматууга буйрук бергенин мойнуна алган. Президенттиктен кеткенден кийин экстик артыкчылыктарга таянып И.Жолдубаева, А.Сегизбаев экөөсүн чакырып, К.Исаев менен Ө.Бабановго байланышкан кылмыш иштерин токтотууну тапшырган.
Алтынчы. Мамлекеттик жогорку кызматты ээлеп туруп, “АКА инвест”, “Терек-Сай жаштары” деген компаниялар менен тымызын сүйлөшүүлөргө барып, алар менен биргеликте жүздөгөн миллион сомдук афераларды ишке ашырууга аракеттенген.
Жетинчи. АША президент болуп турган убагында “Бишкек” ЖЭБине көмүр сата турган “Прогресс” компаниясына пайда табуу үчүн лоббисттик кылып, мамлекетке миллиондогон долларлык зыяндарды келтирген. Ал жөнүндө А.Салянова 2016-жылы же иштен куулганда айтып чыккан.
Сегизинчи. Кан ичкич, ондогон кыргызстандыктарды набыт кылган кримавторитет Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуп, чыгарып жиберген кылмыштуу топтун башында турган. Же АША мекендештеринин кандарын нак акчага саткан.
Тогузунчу. Анын буйругу менен Ф.Ниязов, И.Илмиянов башында турган топ “Вечерний Бишкек” гезитин рейдерлик жол менен тартып алышкан.
Бул азырынча ачыкка чыккандары. Экс-президенттин абийиринде булардан башка да, депутаттык комиссиянын колу жете элек толгон-токой кылмыштар бар.
АША дагы кайсы кылмыштары үчүн айыпталуусу керек?
Биздин оюбузча, АША жогорудагылардан сырткары төмөндөгү пункттар боюнча да айыпталуусу зарыл:
Биринчи. Мамлекеттик эң жогорку кызматтык орунду пайдаланып, Кыргызстандын аймактарында жашагандарды шылдыңдап, мазактап, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетиргендиги үчүн. Таластын эли эл деле эмес, Ысык-Көлдүн эркектеринин баары бандиттер, алардан көрө уйлар жакшы, нарындыктар Нарындын суусун булгоодо деп, айрым аймактардын элин бөлүнүп, кошуна өлкөлөргө кошулуп кетүүлөрүн айткандыгын баарыбыз жакшы билебиз. “Манасты” бандитке теңеген. Ч.Айтматовду алдаган, кекээр сөздөрдү айткан. Эл алдында уят сөздөрдү сүйлөгөн.
Экинчи. Өзүнүн кызматтык функционалдык милдетинин көпчүлүгүн аткарган эмес. Бир жумада 1-2 күндөн гана жумуш ордуна келген, калган убактарда мамлекетттик дачада мас абалында гитара чертип жаткан. Алты жылдын ичинде запойлорун кошпогондо 26 жолу эмгектик өргүүгө чыккан. Элден түшкөн арыз-даттанууларды караган да эмес. Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилер менен бир да жолу республикалык деңгээлде жыйын же чогулуш өткөрбөгөн, парламентте Кайрылуу жасаган эмес. Мыйзамсыз алган айлыктары, сыйлыктары мамлекетке кайтарылуусу керек.
Үчүнчү. Алты жылдын ичинде Кыргызстандын сырткы карызын 2 эсе көбөйткөн. Энергетика тармагынын сырткы карыздарын 102 миллиард сомго жеткирип, кыйроо абалына такаган.
Төртүнчү. “РусГидро” менен келишимди денонсациялап, мамлекеттин мойнуна 37 миллион долларлык карызды илген.
Бешинчи. Кыргызстандын тоо кен тармагынын таланып, тонолуп, биротоло коррупцияланып кетүүсүн уюштурган. Көз карандысыздыктан берки берилген лицензиялардын 3/2си АША президент болуп турганда таркатылган. Айрым тоо кен тармагына тиешеси жок адамдар 42ден лицензия алышкан.
Алтынчы. Стратегиялык уран өндүрүү тармагын саткан. Уран кендерин чалгындап, иштетүү бонча 14 лицензиянын бардыгы ал өкмөттү, мамлекетти жетектеп турганда берилген.
Жетинчи. Коррупциялык кадрдык баш аламандык саясатын жүргүзүп, мамлекеттик башкаруунун абалын кескин начарлаткан. Же ичтен чыккынчылык кылып, мамлекетте криминалдашкан коррупциялашкан башкарууну орноткон.
Сегизинчи. Дача-СУдагы авиакырсыктын негизги күнөкөрлөрүн, кымбат баалуу жүк ээлерин жашырган. Бул аягына чыгарылуусу зарыл.
Тогузунчу. Өзүнүн кирешелери, байлыктары, кредиттер ж.б. боюнча элге дайыма жалган маалыматтарды таркаткан. Же элди алдаган. Алсак, ал Түркиядагы бизнесин 35 миллион долларга саткандыгын айткан, бирок ал иш жүзүндө 27 мин гана доллар болгон. 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы оңдолуп, энергиясына 120 мегаватт гана кошулган. Бирок, ал 300 мегаватт электр энергиясын өндүрөт, иш жүзүндө жаңы ЖЭб курулду деп элди алдап келген.
Онунчу. “Белизгейт” боюнча кайниси А.Сегизбаев экөөсү мыйзам алдында жооп берүүсү зарыл. Ал да жасалма документтер аркылуу элди алдоо болгондугу азыр аныкталып жатат.
Он биринчи. АШАнын 2017-жылдагы салыктык декларациясын текшергенде Субихи Пархати деген адам андан 54 миллион сомго “НПП Форум” ЖЧКсын сатып алгандыгы көрсөтүлгөн. Субихи Пархати, Канат Исаевдин айтуусунда, “Азаттык” Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарып кетти деген “АКА Петролеум”, “АКА Инвест” фирмаларына түздөн-түз тиешеси бар адам. Анда жүздөгөн миллиондорду Матраимовдор эмей эле Кыргызстандан Атамбаевдер чыгарып кетишкенби?
Он экинчи. АША президент болуп турганда Ак үйдүн жанындагы жалпы аянты 940 чарчы метрлик подвалды “Элдик дружиналар союзу” деген коомдук уюмга берип жиберген. Мамлекеттик № 1-стратегиялык объекти менен жер алдынан туташкан объектини бирөөлөргө берүү – өлкөнүн коопсуздугуна эң чоң коркунуч келтиргенге тете иш. Ал үчүн АША керт башы менен жооп бериши керек.
Он үчүнчү. Кошуна өлкөлөрдүн лидерлери жөнүндө жаман сөздөрдү айтып, алардын биз менен болгон мамилелерин бузуп, элге ири өлчөмдөрдө материалдык, финансылык зыян келтиргендиги, өйдүк-сөйдүк сөздөрү менен Кыргызстандын эл аралык имиджин түшүрүп, шылдың кылгандыгы үчүн да тийиштүү жоопкерчиликке тартылуусу зарыл.
Он төртүнчү. Назгүл Түлееванын айтымында, президенттик шайлоо учурунда АША анын атасынан 500 миң доллар карыз алып, кийин сураса, ага карата иш козготуп, ондогон миллион долларлык бир катар мүлктөрүн конфискация кылдырган. Бул факты боюнча да кылмыш иши козголуусу зарыл.
Он бешинчи. 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда кабыл алынган Башмыйзамда 2020-жылга чейин ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынган. Бирок, АША аны бузуп, 2016-жылы Башмыйзамды өзгөрткөн.
Он алтынчы. АШАнын Ысык-Көлдүн жээгинде бир нече гектар жери бар. Алар качан, кандай жолдор менен алынгандыгы текшерилип, укуктук баа берилүүгө тийиш.
Комиссиянын чечими, сөз Башкы прокуратурада…
Кечээ, күндүн экинчи жарымында экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн түзүлгөн комиссия акыркы чечимин чыгаруу үчүн өз отурумун жабык өткөрдү. Жыйындын жыйынтыгы менен Алмазбек Атамбаевге тагылган айыптар 9дан 6га кыскартылганы маалым болду. Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда кылган иштери боюнча тагылган айыптар алынып салынганын комиссия мүчөлөрү билдиришти. Комиссиянын корутундусу Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде каралып, комитеттин мүчөлөрү комиссиянын корутундусу менен макал болгон чечим кабыл альшпы. Эми жуманын аягына чейин комиссиянын корутундусун Жогорку Кеңештин жалпы депутаттары карайт. Эгерде 80ден ашык депутат колдоп добуш беришсе, анда Башкы прокуратура экс-президентке кылмыш ишин козгошу керек болот.
Булак: «Майдан».