Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунда адвокаттык акысыз кызматтар жок. Бир, кайрылуу түшкөн учурда жакынкы райондордон ал жакка жөнөтүүгө болот. Мисалга алсак, былтыркы жылы Тогуз-Торо районунан 5 адам адвокаттык жардам алып, алардын бирөөсүнүн иши боюнча сотто акталган. Бул тууралуу юристер күнүнө карата өткөрүлгөн пресс-конференцияда айтылды.
Жалал-Абад областында жыл башынан бери 900 адам акысыз адвокат кызматынан пайдаланган. Ошондой эле мамлекет кепилдеген юридалык жардам боюнча юстиция башкаралыгына үстүбүздөгү жылы 4500 адам кайрылып, ар кандай юридикалык кеңештерди алышкан. Мамлекеттик кепилдеген юридалык жардам боюнча Жалал-Абад областындагы координатору Эрмек Камашев квалификациялык юрист жардамын берүүчү 37 адвокат бар экенин айтты.
Адвокаттык жардамды белгилүү гана адамдар ала алышат. Алар — мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аскердик кызмат өтөп жаткандар, үй-бүлөлүк кирешеси жашоо минимум деңгээлинен төмөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү. Аталган акысыз кызмат көрсөтүүнү жана юридалык кеңештипайдалануу үчүн адамдар жакынкы юстиция башкармалыгына кайрылышы керек.
