Салкын өлкөрлөрдөгү күндүн улам жылып баратышы экономикага оң таасирин тийгизип жатат. Ошол эле кезде абанын глобалдуу ысып баратышы 1960-жылдардан баштап эле дүйнөдө экономикалык теңсиздикти күчөтүп келет.
АКШнын Стенфорд университетинин окумуштуулары абанын температурасынын дүйнөнүн 165 өлкөсүндөгү ички дүң продукцияга тийгизиген таасирин иликтеп көрүп, ушундай жыйынтыкка келишти. Алар глобалдуу ысып кетүүнү эске алуу жана эске албоо менен экономиканын өнүгүшүнүн 20 миң моделин анализдеп чыгышкан.
Атап айтканда, климаттын өзгөрүшү абасы салкын тараптагы өлкөлөрдү, мисалы Норвегия менен Швецияны байытканы байкалат, ал эми күн ысык тараптагы өлкөрдө, мисалы Индия меенен Нигерияда экономикалык өсүү жайлап кеткен.
Proceedings of the National Academy of Sciences басылмасына жарыяланган изилдөөсүнүн автору, климатологНоа Диффенбаунун баамында, иликтөөлөр Жер шарындагы көпчүлүк өлкөлөр климаттын глобалдуу өзгөрүшү өтө байкалганга чейинки мезгилдегиден азыр кыйла жакыр жашап жатышат. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, 1961-2010-жылдардын аралыгында дүйнөнүн эң жакыр өлкөсүнүн жашоочусунун турмуш деңгээли 17-30 пайызга төмөндөгөн, ал эми бай өлкөлөрдүн жашоочусунун турмуш деңгээли болжол менен 25 пайыщга жогорулаган.
Окумуштуулар белгилегендей, абанын температурасы мелүүн жактарда айыл чарба кыйла түшүмдүү жана кишилердин ден соолугу да кыйла чымыр, ал эми эмгек да натыйжалуу болот. Ошондуктан да күндүн ысып кетиши салкын өлкөлөргө пайда, ысык өлкөлөргө зыян алып келет.