www.versia.kg
Суббота, Июль 18, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

КАЧКЫНДАР ҮЧ ТАРАПТУУ СОККУГА ДУУШАР БОЛУШУУДА

08.06.2020
0 0
0
SHARES
295
Просмотры
Бөлүшүү

Пандемия эч кимди, айрыкча колдоого муктаж кишилерди аябайт. Ал эми бүгүн саны 70 миллионду түзгөн качкындар, аймактан аймакка көчүп жашоого аргасыз болгондор жана мигранттар мына ушундай оор абалда үч тараптуу сокууга дуушар болушууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш 3-июндагы Эл аралык качкындар күнүнө арналган кайрылуусунда билдирди.

Биринчиден, качкындар менен мигранттардын таажылуу вирусту жуктуруп алуусу өтө оңой, себеби алардын көбү санитардык-гигиеналык шарттары жок, кишилерге жык толгон лагерлерде турушат. Ал жерде социалдык аралыкты сактоо да дегеле мүмкүн эмес.

Экинчиден, качкындар менен мигранттар негизинен экономиканын бейформал секторунда иштешет. Ошондуктан да алар социалдык-экономикалык кризис учурунда эң эле жабыр тарткандардын бөлүгүн түзүшөт. Кирешелердин азайып кетиши аймактар аралык акча которууну кескин кыскартып, акчаны күтүп жашагандар арасында жалпы социалдык абалдын начарлашына алып келет. Мындан дээрлик 800 миллион киши жабыр тартат, себеби алар 109 миллиард доллар каражатты албай калышат. Бул өнүккөн өлкөлөр чабал өлкөлөргө көрсөтүп жаткан расмий жардамдарынын үчтөн бирине тете.

Үчүнчүдөн, COVID-19 илдетинен чоочулоолор ар кайсы жерлерде ксенофобияны, расизмди, качкындар менен мигранттарга карата стигматизацияны күчөтүп жиберди. Мунун өзү аларга, айрыкча аялдар менен кыздарга карата зордук-зомбулуктардын келип чыгышына, күчөшүнө себеп болот.

Гутерриштин бидиришинче, качкындар жана мигранттар кыйынчылыктарга карабастан каармандыкты көрсөтүп жатышат. Алардын эмгеги жалпы социалдык абалдын туруктуулугу үчүн маанилүү. Ал эми дүйнөнүн бардык медайымдарынын ар бир сегизинчиси өз өлкөсүнөн башка жакта иштеп жатат, демек, аларга аларга тийиштүү шарттар түзүлүшү абзел.

БУУнун жетекчиси бардык өлкөлөрдү качкындар менен мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, акча которуулардын шартын, миграциялык процесстерди жакшыртууга чакырды.

Мурдагы пост

БУ ЙИЛ РАМАЗОН ОЙИ ХАР ЙИЛГИДАН БОШҚАЧА БЎЛДИ, ЭНДИ БУНДАН КЕЙИН ҚАНДАЙ БУЛАДИ?

Кийинки пост

ФОНОГРАММАСЫЗ ЫРДАГАН АРТИСТТЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮЛӨТ

Кийинки пост
ФОНОГРАММАСЫЗ ЫРДАГАН АРТИСТТЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮЛӨТ

ФОНОГРАММАСЫЗ ЫРДАГАН АРТИСТТЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮЛӨТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In