www.versia.kg
Суббота, Июль 18, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ФОНОГРАММАСЫЗ ЫРДАГАН АРТИСТТЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮЛӨТ

08.06.2020
0 0
0
SHARES
221
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстанда артисттерге концерттик залдардын ижара акысы 50 пайыз арзандатылат, аны үчүн алар фонограммасыз ырдоого тийиш. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Мындай тартипти өлкө президенти “Маданият жана искусство чөйрөсүнүн коом турмушундагы ролун жана маанисин андан ары жогорулатуу жөнүндө” жарлыгы менен киргизди. Бул тартип быйылкы жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет.

Жарлыкта айтылгандай, 2021-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө бирдиктүү онлайн-портал иштеп, анда ар бир артист тууралуу кеңири маалыматтар жайгаштырылат. Ушул портал аркылуу онлайн режиминдеги концерттик-көңүл ачуу ишмердигин жүргүзүү үчүн лицензия алууга да болот. Андан тышкары, өлкөдө концерттик-көңүл ачуу иш-чараларын өткөрүүгө уруксат берүү маалында алынуучу жыйымдарды чогултуу токтотулат.

Эң кызыгы, эми бардык мамлекет тарабынан өткөрүлүүчү концерттик-көңүл ачуу иш-чаралары каржылык жагынан катуу көзөмөлдөнөт. Иш-чаралар жыл башында бекитилген календарлык пландын алкагында алып барылат. Эгер иш-чаралар календарлык планда каралбаган болсо, уюштуруучулар анын буюртмачыларын, каржы булактарын көргөзүүсү керек.

Маанилүү нерсе – концертке катышкан бардык аристтер кагаз жүзүндөгү жана акы төлөнүүчү келишим менен иштешет. Алардын коомдук башталышта катышуусуна жол коюлбайт. Ошондой эле өлкөдө Автордук укуктарды коргоо палатасы түзүлүп, ал өнөр ээлеринин автордук укуктарынын сакталышына көзөмөлдүк кылат. Иштин башталышында ага ишмердикти өнүктүрүү үчүн 1 миллиард сум (1 АКШ доллары 10 176,31 сумга барабар) бөлүнөт

Мурдагы пост

КАЧКЫНДАР ҮЧ ТАРАПТУУ СОККУГА ДУУШАР БОЛУШУУДА

Кийинки пост

Абдулазиз ажы ЗАКИРОВ: “МЕЧИТТЕРДЕ ЖАРАНДАРЫБЫЗДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛАБЫЗ”

Кийинки пост
Абдулазиз ажы ЗАКИРОВ:  “МЕЧИТТЕРДЕ ЖАРАНДАРЫБЫЗДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛАБЫЗ”

Абдулазиз ажы ЗАКИРОВ: “МЕЧИТТЕРДЕ ЖАРАНДАРЫБЫЗДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛАБЫЗ”

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In