Ташкент шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аялдар формунун алкагында ишкер айымдардын В2В-жолугушуулары болуп, анда жалпы көлөмү 100 миллион долларды түзгөн келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
В2В-жолугушууларга ШКУнун ар кайсы мүчө-өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун ишкер айымдар катышкан. Форумдун алкагында биринчи жолу уюштурулган жаңы форматтагы практикалык диалог бизнестин масштабдарын андан ары кеңейтүү, чет элдик жаңы өнөктөрдү табуу, ишкердик чөйрөдө өз ара тажрыйбаларды алмашуу жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүү жаатында маанилүү майданча болуп калды. Анан калса, мындай иштиктүү сүйлөшүүлөр ишкер субъекттер үчүн эле эмес, мамлекеттин жана коомдун социалдык-экономикалык турмушуна да таасир берет, себеби калктын жумуш менен камсыз болушу күчөп, экспорттун жана инвестициялардын көлөмү арта бермекчи.
Жолугушуулардын жыйынтыгында жалпысынан 35 экспорттук жана импорттук келишимдерге жетишилди. Алардын жалпы наркы 100 миллион доллар турат. Ошондой эле 35 миллион долларлык меморандумдарга да кол коюлду.
Жолугушуулардын аягында ишкер айымдар мындан ары үзгүлтүксүз кызматташууга жана тажрыйба алмашып турууга убадалашышты.