www.versia.kg
Суббота, Февраль 4, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

70 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ ТАЛААДА КАЛДЫ

21.08.2022
0 0
0
SHARES
1.9k
Просмотры
Бөлүшүү

Улуубританиянын фермерлери 70 миллион долларлык жашылча-жемиштерди талаага таштоого мажбур болушту. Фермерлер түшүм жыйноого кошумча күч тарта алышпагандыктан, миллиондогон фунт стерлинг көлөмүндөгү жетилген жашылчалар, мөмө-жемиштер жыйналбай талаада кала берди. Бул тууралуу EastFruit платформасы жазып чыкты.

Фермерлердин улуттук биримдигинин ((NFU) сурамжылоосуна ылайык, айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр быйылкы жарым жыл ичинде 22 миллион фунт стерлинг (27 миллион доллар) мөмө-жемиш жана жашылчаны талаага ташташканын Fruit-inform жазып чыккан. Сурамжылоо багбанчылыктын үч секторун камтыган, демек коромжуга учураган түшүмдүн жалпы көлөмү 60 миллион фунт стерлингден (болжол менен 72 миллион доллардан) ашып кетиши ыктымал.

-Жашоонун наркы улам өсүп жаткандыктан, үй-бүлөлөр араң жан багып жатышканда сапаттуу, пайдалуу азыктар коромжуга учурап жатат. Чыгымдар рекорддук темп менен өсүүдө. Экономиканын көп чөйрөлөрүндө персонал жетишпейт, ал эми агросекторго жумушчуларды тартуу татаал болууда, анткени жумуштар сезондуу жана түйшүктүү иштин акысы салыштырмалуу төмөн, — дейт Фермерлердин улуттук биримдигинин президентинин орун басары Том Брэдшоу.

Брэдшоунун айтымында, Европа Биримдигинен жумушчу күчүн тартуу жагынан Brexit аябай тоскоолдук келтирди. Ошол эле кезде быйыл Улуубританияда 1935-жылдан берки эң эле кургакчыл июль катталып, жашылча-жемиш азыктарын өндүрүүнү кыйла чектеп койду.

Фермерлердин улуттук биримдигинин жүргүзгөн сурамжылоосуна катышкандардын 40 пайызы жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен түшүмдү коромжуга учуратып алышканын билдиришкен. Эми алар кийинки жылы да түшүм алуу 4,4 пайызга төмөндөшү ыктымал дешет.

Мурдагы пост

ИШКЕР АЙЫМДАР 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ

Кийинки пост

ЖАҢЫ ПАРТИЯ ПАЙДА БОЛДУ. АЛ БИЗГЕ ПАЙДАЛУУБУ?

Кийинки пост
ЖАҢЫ ПАРТИЯ ПАЙДА БОЛДУ. АЛ БИЗГЕ ПАЙДАЛУУБУ?

ЖАҢЫ ПАРТИЯ ПАЙДА БОЛДУ. АЛ БИЗГЕ ПАЙДАЛУУБУ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In