www.versia.kg
Суббота, Февраль 4, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЭМКИ ЖЫЛЫ КОСМОСТО КҮНӨСКАНА УЮШТУРУЛАТ

18.08.2022
0 0
0
SHARES
242
Просмотры
Бөлүшүү

АКШдагы Redwire корпорациясы эмки 2023-жылы жазында космоско биринчи коммерциялык күнөскананы жөнөтө турган болду. Бул Жер шарынан башка жактарда өсүмдүктөрдү өстүрүү жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү максатын көздөйт. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазып чыкты.

Аталган корпорациянын күнөсканалар боюнча долбоорунун менеджери Дэйв Риддин айтымында, бул долбоор NASA Artemis миссиясы жана башка да долбоорлор үчүн маанилүү малыматтарды алууга жардам бериши ыктымал. Ал эми Artemis программасы астронавтарды Айга учурууга жана Айда узак мөөнөт иштей турган колонияны уюштурууга багытталган.

Redwire билдиргендей, бул коммерциялык долбоордун биринчи кардары Dewey Scientific айыл чарба технологиялык компаниясы болмокчу. Бул жаңы долбоор космосто өсүмдүктөрдү өстүрүү жаатында изилдөө жүргүзүү менен адамзаттын мүмкүнчүлүгүн арттырат деген ишеним бар.

Ал эми  Redwire корпорациясы аэрокосмостук техникаларды чыгаруу жана космостук инфратүзүмдөр менен алек болуп келаткан ири компаниялардан. Ал Флорида штатынын Жексонвилл шаарында жайгашып, AE Industrial Partners жеке менчик инвестициялык компаниясы тарабынан 2020-жылдын 1-июнунда түзүлгөн.

Эскерте кетсек, үч жыл мурда – 2019-жылдын июлунда NASAнын экипажы космоско чили калемпиринин (Capsicum annuum) үрөнүн алып чыга турганы тууралуу маалымат тараган. Бул космостук айыл чарба долбоору Марска учуу үчүн даярдык программасынын алкагында жүргүзүлгөн. Анткени АКШнын Космостук агенттиги эки жылдан кийин Марска учууну ишке ашыруу максатында башка да долбоорлорду түзгөн. Ал эми чили калемпири бекеринен тандалып алынган эмес, ал бийик жерде жана бат өсөт. Ошондой эле салмаксыздык жана көмүр кычкыл газы көп болгон чөйрөдө оңой чаңдаша турганы да эске алынган.

Мурдагы пост

ЭМИ ШААР ФЕРМЕРЧИЛИГИ КОЛГО АЛЫНАТ

Кийинки пост

ИШКЕР АЙЫМДАР 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ

Кийинки пост
ИШКЕР АЙЫМДАР 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ

ИШКЕР АЙЫМДАР 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In