Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен ар бир жан башына соопчулук иш жасаган эң эле берешен өлкө деп Ирландия аталды. Бул тууралуу Forbes жазып чыкты.
Берешен өлкөлөрдүн тизмесиндеги алгачкы бештикте АКШ, Улуу Британия, Канада жана Австралия да бар. Таажы вирусуна байланыштуу бул өлкөлөр жыл ичинде көп суммадагы каражаттарды жарандарга соопчулук катары таркаткан. Ошондой эле эла аралык деңгээлде жалпы теңдик үчүн аракет кылышкан уюмдарга да жардам көрсөтүшкөн. Андан тышкары, америкалык азык-түлүк фондусу 2020-жылы соопчулук максатында эң көп каражат топтогон уюм катары таанылды. Бул уюм 44 миллион доллардан ашуун каражат топтоп, муктаж болгон америкалыктарга жардам көрсөтүүнү ишке ашырган.
Жеке чөнтөктөн көп каражат жумшап соопчулук жасаган жагынан Twitter социалдык тармагынын негиздөөчүсү Жек Дорси рекордчу деп аталды. Ал ушундай соопчулук иштер үчүн 1 миллиард доллар каражатын сарптаган. Жек Дорси өз байлыгынын соопчулукка жумшалган үлүшүнүн көлөмү жагынан да эч кимди алдына чыгарган жок.
Деген менен, башка белгилүү меценаттар да соопчулук жагынан алдыда болушту. Мисалы, Билл жана Мелинда Гейсттер таажы вирусуна каршы күрөшкө 100 миллион доллар бөлүп беришкен.