Француздардын Rungis Semmaris компаниясы Өзбекстанда сегиз агрологистика борборун курууга жардамдашат. Алардын ар биринин аянты бир нече турак жай кварталына барабар болот. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Бул долбоорду ишке ашыруу келишими Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги менен Rungis Semmaris компаниясынын ортосунда онлайн режиминде түзүлгөн. Бул долбоор аркылуу тараптар Өзбекстанда жана Борбордук Азияда алгачкы пайда болгон ири агрологистика борборлорун түзүп, башкарууну колго алышат.
Алынган маалыматка караганда, агрологистика борборлору шаарлардын четинде жайгашып, жалпы аянты 200 гектардан ашуун жана жалпы кубаттуулугу жылына 4 миллион тоннадан ашып түшөт. Алардын эң үлкөнү — Ташкенттеги агрологистика борбору – 70-100 гектар аянтты ээлесе, эң кичинекей борбор Хорезмде жайгашып, аянты 10 гектарга ылайыктуу же болбосо 15 футбол талаасындай.
Бул агрологистика борборлорунда негизинен дүңүнөн соода кылуучу уюмдар иштеп, өлкөнүн агроэкспорттук потенциалын жогорулатуу, агропродукцияны чет элдик рынокко даярдоо ишке ашырылмакчы. Анын алкагында кросс-док, соода павильондору, мейманканалар, банктардын, соода жана агрокомпаниялардын өкүлчүлүктөрү жайгашып, сорттоо, калибрлөө, кургатуу, сактоо, унаада ташуу, жеткирүү, тоңдуруу, бажы документтерин түзүү, карантин, продукцияларды коопсуздук жагынан шайкештикке ылайык келтирүү, маркетинг боюнча кеңеш берүү жана башка кызматтар көрсөтүлөт.
Жалпысынан сегиз агрологистика борборунда 10 миң жумушчу орду түзүлмөкчү. Анын ичинде, Ташкентте 3 миң, Самарканд менен Анжиянда 1200дөн, Бухара менен Хорземде 680ден, Фергана менен Сурхандарыяда 800дөн жумуш орундары камсыздалат. Дегеле, айыл чарба секторун өнүктүрүү аркылуу Өзбекстан ички байлыгынын үчтөн бирин камсыз кылып, 3,6 миллион кишини туруктуу жумуш ордун түзүү жагын көздөп жатат.
Эскерте кетсек, Rungis Semmaris компаниясы дүйнөдөгү эң ири азык-түлүк логистика борборлорунун ээси эсептелет жана Париж шаарынын четинен орун алган. Анын жылдык каражат айлануусу 9 миллиард еврого бааланат жана дүйнө боюнча дүң соода рынокторун куруу жана уюштуруу жагынан олуттуу субъект катары саналат.