Индия медицина тармагы боюнча дүйнөлүк аренада алдыга тез арымдап, ыкчам өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн сап башында турат. Бир гана мисал, Индиянын ооруканалар рыногунун көлөмү 2023-жылы 98,98 миллиард АКШ долларын түзгөн. Эми алдыга карай божомолдогон эксперттер 2024-2032-жылдары жыл сайын орточо 8,0 пайызга өсүп отуруп, бул көлөм 193,59 миллиард АКШ долларына чейин жетиши күтүлөрүн айтышат. Деги эле мындай жетишкендик кайдан келип чыкты жана өнүгүүнүн перспективасы кантип жакшырмакчы?
Чынында эле Индия медициналык тармак жагынан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кызыгууну жараткан багыт болуп калды. Индиядагы заманбап, экономикалык жактан натыйжалуу медициналык мекемелер сапаттуу дарылоо багытында Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кыйла жеңилдик алып келгенин да унутпайлы. Өзгөчө жагы — Индия медициналык операциялардын ийгиликтүү жасалышынын көрсөткүчтөрү жагынан да дүйнөгө белгилүү болуп калган. Индияда англис тили кеңири таркагандыгы жана түшүнүктүү экендиги да тармактын ийгилигине таасирин бербей койбойт, себеби чет элдик, анын ичинен Борбордук Азиядан барган бейтаптар менен медициналык кызматтты сунуш кылгандар ортосундагы карым-катнаштын жеңилдиги бар. Анан калса, ар кайсы медициналык процедуралар жагынан, алсак – операцияларды жасоо, органдардын трансплантацялоо, стоматология, нейрохуриргия жана ракты дарыялоо багытында индиялык медициналык мекемелердин аброю бийик жана бекем. Бирок, ошол эле кезде көптөгөн индиялык студенттер медициналык билимге Борбордук Азия өлкөлөрүндө ээ болуп жатышканын айта кетүү керек.
Индия Борбордук Азия өлкөлөрү менен саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө дагы да кызматташтыкты күчөтүү боюнча Астана шаарында жакында эле болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде дагы бир жолу чакырык таштады. Делегация башчылары талкууларга катышуу менен саламаттыктык сактоо системасын бекемдөө, коомдук саламаттыкты сактоонун кечиктирилгис көйгөлөрүн чечүү жагынан өз-ара аракеттенишүү багытында маанилүү келишимдерге жетишишти. Индиянын Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлө бейпилдиги министрлиги менен болгон талкуулар дары-дармектерди жана медициналык жабдыктарды өндүрүү, технологиялар жана медициналык билим берүү жагынан алмашуулар багытында жүрдү.
Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Индияга барган бейтаптар ар кандай медициналык кызматтарга муктаж болушууда. Мисалы, Өзбекстандык бейтаптар Индияга көп каттоо менен органдарды алмаштыруу, жүрөк оорулары жана ортопедиялык дарылоо сыяктуу кызматтарды алышууда. Кала берсе ЭКО да Өзбекстан менен Тажикстандан барган бейтаптарды кызыктырган дарылоо усулу болууда.
Башка көптөгөн өлкөлөрдөн барган бейтаптарды Индиядагы аюрведикалык дарылоо көп кызыктырып жатат. Аюрведа – Индияда пайда болгон байыркы комплекстүү медицина, ал саламаттыкты сактоого, бейпилдикке болгон табигый жана салттуу мамилеси менен дүйнөгө таанымал болгон. Кыргызстандык саякатчылар да Индиядагы аюрведикалык процедураларга жана терапияга ден соолугу боюнча ар кайсы көйгөйлөрдү чечүү, жалпы ден соолукту чыңдоо максатында көп кызыгышат.
Саламаттыкты сактоо кирешелер жана жумуштуулук жагынан алганда Индиянын маанилүү үлкөн секторуна айланып кетти. Саламаттыкты сактоо тармагына ооруканалар, медициналык жабдыктар, клиникалык сыноолор, аутсорсинг, телемедициналык туризм, медициналык камсыздандыруу жана медициналык жабдуулар кирет. Индиянын саламаттыкты сактоо сектору бул тармактагы мамлекеттик болобу же жеке менчикпи, айтор бардык тармактык мекемелердин чыгымдарын арттыруу жана аларды жабуу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу аркылуу тездик менен өнүгүп жатат. Индиянын атаандаштык артыкчылыгы көп сандагы мыкты даярдалган адистеринин саны менен түшүндүрүлөт. Индия Азия жана Батыш өлкөлөрүндөгү адистештери менен салыштырганда деле атаандаштык жактан алдына салдырбайт. Индиядагы хирургиялык жардам көрсөтүүнүн наркы АКШдагы же Батыш Европадагы ушундай кызмат көрсөтүүнүн наркынын ондон бирине гана барабар. Медициналык кызмат көрсөтүүнүн арзандыгы өлкөдө медициналык туризмдин өнүгүшүнө алып келди жана бүткүл дүйнөдөн бейтаптардын агылышына шарт түздү. Анан калса, Индия клиникалык изилдөөлөрдүн арзандыгы менен эл аралык субъекттер үчүн изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар борборуна айланды.
Ушундай шарттар тармактын кыйла өнүгүшүн пайда кылды. Индиядагы саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшү 2023-жылы да улантылып, өкмөттүк жана жеке менчик секторду кошуп алганда анын жалпы наркы 372 миллиард АКШ долларына жетти. Үстүбүздөгү 2024-жылга карата Индиянын саламаттыкты сактоо тармагы эң эле үлкөн иш берүүчүгө айланды, анткени бул тармакта иштегендердин саны жалпысынан 7,5 миллион адамды түздү. Эми алдыда телемедицина чөйрөсүндөгү прогресс, виртуалдуу жардамчылар жана маалыматтарды анализдөөчүлөр болуп, бул тармактагы жаңы технологиялар кошумча 2,7-3,5 миллион жумушчу ордун пайда кылышы күтүлүүдө. Ал эми Индиянын ооруканаларынын рыногунун көлөмү 2023-жылы 98,98 миллиард АКШ долларына барабар болсо, божомолдорго караганда, 2024-2032-жылдары анын орточо өсүшү 8,0 пайызга барабар болуп, 2032-жылга карата жалпы наркы 193,59 миллиард АКШ долларына жетиши күтүлөт.
Ошол эле кезде Индияда медициналык туризмдин рыногу да тездик менен өнүгүүдө: анын көлөмү 2024-жылга карата 7,69 миллиард АКШ долларына барабар болсо, эми 2029-жылы 14,31 миллиард АКШ долларына жетиши күтүлүп жатат. Индиянын туризм статистикасын алып карай турган болсок, 2023-жылы Индияга 634 миң 561 чет элдик турист дарыланганы келген, ал өлкөгө келип-кеткен эл аралык туристтердин жалпы санынын 6,87 пайызын түзгөн. Медициналык баруулардын 5-6 миллиард доллар көлөмү жана сапаттуу алдыңкы дарылоо издеген 500 миң чет элдик бейтаптардын келип-кетиши менен Индия чет элдик бейтаптар каттаган дүйнөлүк алдыңкы багыттардын катарына кирди. Индиянын саламаттыкты сактоосунун гиганттары Ташкендеги Фарма Парк сыяктуу класстерлерди, Казакстандагы фармацевтикалык унаа түйүндөрүн демилгелөө сыяктуу жаңы медициналык класстерлерди изилдеп, Борбордук Азия аймагындагы рынокто өзүнүн үлүшүн көбөйтүү менен позициясын да бекемдеп кала алат.
Буга чейинки мезгилдерде Индиянын ооруканалар тармагы Борбордук Азия өлкөлөрүндө өздөрүнүн көп профилдүү ооруканаларынын жана диагностикалык клиникаларынын филиалдарын ачуу максатында келип-кетүү сунушун алышкан. Эл аралык соода администрациясынын маалыматтарына караганда, Индиянын саламаттыкты сактоо сектору кирешелер жана жумуштуулук жагынан өлкөдөгү үлкөн секторго айланды. Акыркы жылдары ал ыкчам өзгөрүүлөргө дуушар болуп, акыркы он жылдыктарда өкмөттүн дыкат көңүл буруусу жана медициналык кызматтарга жана продуктыларга болгон рыноктук муктаждыктын өсүшү менен ал өзгөрүүлөр кыйла байкалып калды.
Индиянын калкы жылына 1,6 пайыз ылдамдык менен өсүп жатат, ал эми калктын картайган бөлүгү 100 миллиондон ашык. Экономикалык ыкчам өнүгүү, орто таптын кирешелеринин өсүшү жана медициналык камсыздандыруунун рыноктогу көлөмүнүн жогорулашы бул тармактын өнүгүшүн шарттап жатат. Андан калса, демографиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана өнөкөт оорулардан жашоо образынан келип чыгуучу ооруларга өтүү жалпы өлкөдө саламаттыкты сактоого мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшүнө алып келди.
Эркинбек КАМАЛОВ.