Акыркы эле мезгилдерде жашылчанын дүйнөлүк соода көлөмү 9 пайызга көбөйгөн. Башкача айтканда, Эл аралык соода борборунун берген маалыматы боюнча, 2023-жылы 2022-жылга караганда жашылча соодасы күчөп отуруп, 93 миллиард долларлык көлөмгө жеткен. Бул тууралуу EastFruit жазып чыкты.
Аймагында согуш жүрүп жатканына байланыштуу Украинада жашылча өстүрүп, сатуу иши алгачкы жылы артка кеткен. Бирок, украиналыктар 2023-жылы артка кетүүнүн токтотуп калышты да, быйылкы жылы пиаз өстүрүү жагынан алга жылышты. Бул тууралуу Украинанын агрардык экспорт бирикмеси билдирди.
Дүйнөлүк масштабда жашылча өнүмдөрүн экспорттоо жагынан алдыга эч кимди салдырбаган өлкө катары Кытай эсептелет. Жылына 11 миллиард доллардан кем эмес көлөмдө жашылча экспорттоп турат. Андан кийинки орунда 9.9 миллиард долларлык экспорту менен Мексика турат. Кичинекей Нидерланддар өлкөсү жыл ичинде 9.5 миллиард доллар көлөмдө жашылча экспорттоп, үчүнчү орунда бекем орношкон. Ошондой эле 9.3 миллиард экспорту менен Испания, 6.4 миллиард доллар менен Канада, 5.3 миллиард менен АКШ, 3.5 миллиард менен Франция. 2.9 миллиард менен Бельгия, 2.4 миллиард доллар менен Түркия жана 2.3 миллиард менен Италия өлкөлөрү жашылча экспортунун лидерлери эсептелет.
Дүйнөлүк жашылча экспортунда помидордун үлүшү үлкөн: 2022-жылы помидордун экспорту бардык жашылча экспортунун көлөмүнүн 10.8 пайызын түзсө, кийинки жылы анын көлөмү 11,5 пайызга жеткен. Тоңдурулган жашылчалардын экспортунун көлүмү 2022-жылы жалпы экспорттун 7,6 пайызын түзгөн болсо, кийинки жылы 8,3 пайызга өсүп жеткен. Экспорттун көлөмү боюнча андан кийинки орундарда калемпир (7,6 пайыз), картошка (6,1 пайыз), капуста (4,2 пайыз), сабиз (1,9 пайыз) турат. Ошентип, кургатылган буурчактарды эсепке албаганда, өткөн жылы экспорттук-товардык негизги позицияны помидор, тоңдурулган жашылча, калемпир, картошка, козу карын, сарымсак, сабиз сыяктуу жашылчалар ээлешкен. Демек, экспорттук негизги кирешени да ушул өнүмдөр тапкан. Албетте, бадыраң, кургатылган жашылчалар, козу карындар да рынокто дайыма суралган өнүмдөр катары белгилүү.
Булак: https://east-fruit.com