Россияда импортту атамекендик товарлар менен алмаштыруу программасы ишке ашпай калды. Бул тууралуу Улуттук рейтинг агенттигине шылтеме берүү менен «Коммерсантъ» жазып чыккандыгын lenta.ru билдирди.
Эксперттердин айтымында, азык-түлүк продуктылар багытында Россияда кабыл алынган 2020-жылга чейинки импортту алмаштыруу стратегиясы дээрлик бутүндөй эле ишке ашкан жок. Аналитиктердин баамында, айрым гана тармактарда алга жылуулар байкалган, мисалы, этти импортоо 65 пайызга кыскарган. Бирок, ал деле алдыга коюлган милдеттин ишке ашпаганын түшүндүрөт, себеби 2014-жылы Европа Биримдиги киргизген азык-түлүк эмбаргосунан кийин импортту кыскартуу дээрлик 68 пайызга мерчемделген болчу. Ал эми айрым тармактар боюнча программалык максаттар дегеле ишке ашырылбады, мисалы, жашылча импорту мерчемделген 70,3 пайыздын ордуна болгону 27 пайызга гана кыскарды.
Аналиктиктер байкагандай, импорт европа өлкөлөрүнөн кыскарганы менен башка өлкөлөрдөн келе берген. Кээде импортту кыскартууну башка өлкөлөрдөн товарларды реэкспорттоону чектөөгө алаштырып да алышкан. Анткени менен Эквадор, Чили сыяктуу өлкөлөр Европа өлкөлөрүнөн сатып алган товарларын кайра эле Россияга сатып жүрүшкөн.
Мурдатан эле Россиянын президенти Владимир Путин атамекендик өңдүрүштү колго алууну, атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону, ошонун эсебинен импортту кыскартууну талап кылып келген. Бирок, импорттуу атамекендик товарлар менен алмаштыруу стратегиясы ишке ашпай калды.