www.versia.kg
Среда, Июнь 7, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЭМИ ШААР ФЕРМЕРЧИЛИГИ КОЛГО АЛЫНАТ

18.08.2022
0 0
0
SHARES
240
Просмотры
Бөлүшүү

Мындан ары жыл сайын шаарларда фермерчилик колго алынууга тийиш: балкондордо, күнөсканаларда жана короолор менен үйдүн чатырларында жашылча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Азыркы тапта бул кыймыл кеңири кулач жая элек, бирок экологиялык активисттер жана урбанчылык менен алектенгендер аракетти башташты. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун news.un.org интернет басылмасы жазып чыкты.

Деги эле шаарлар Жер шарынын кургак аянтынын 3 пайызын ээлеп турушат, бирок бардык керектелүүчү энергиянын 80 пайызы, абага чыгуучу көмүр кычкыл газынын 75 пайызы аларга таандык. Эми 2050-жылга карата дүйнөнүн калкынын 70 пайызы шаар жеринде жашап, экологиялык терс өзгөрүүлөр, планетардык кыйынчылыкты түзгөн климаттын өзгөрүшү, биоартүрдүүлүктүн жоголушу жана аба менен айлана-чөйрөнүн булгануусу ого бетер күчөйт, дешет адистер.

БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) тездик менен урбандашууга байланышкан көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн өкмөттөр экологиялык жактан туруктуу “жашыл” шаарларды өнүктүрүү керектигин белгилөөдө. Шаарлардагы фермерчилик ушул максатка жетүүнүн бирден бир жолу экени айтылууда. Деген менен, шаарлардагы фермерчилик айлана-чөйрөнү коргоо менен бирге азык-түлүк коопсуздугун да камсыз кылмакчы. Шаарда өстүрүлгөн жашыл өнүмдөр бир катар социалдык муктаждыктарды чечүүгө жардам бере алат.

Шаардыктар өздөрү өстүргөн түшүм ар кандай кошумча консерванттары жок, узак сактоого ыңгайлуу болот. Анан калса, шаарда жашылча өстүрүү бул азыктарды сырттан ташып келүүнү жана ага байланыштуу унаалар тарабынан абага көмүр кычкыл газын чыгарууну азайтат. Акыры барып климаттын бат өзгөрүүсүнүн алдын алууга салым кошот.

ЮНЕПте шаар башкаруучулар шаардагы айыл чарбасынын ар кайсы моделин колдоно алышарын белгилейт. Фермаларды үйдүн ичине, чатырдын үстүнө, үйдүн алдындагы короолорго, кала берсе жертөлөгө да жайгаштырса болот. Мурда БУУнун Азык-түлүк программасы (ФАО) шаарларды жашылдандыруунун бир катар сунуштарын берип келген. Мисалы, кароосуз калган аймактар, үйлөрдүн короолору бул максатта ыңгайлуу, ошондой эле вертикалдуу токойлор, жашыл чатырлар, бактар менен огороддор эң эле пайдалуу болмок.

Шаардашуу, шаарлардын өсүшү, калктын көп бөлүгүнүн шаарларда жашап калышы — ХХI кылымдын өзгөчөлүү белгиси. Демек, ошого жараша кошумча кыйынчылыктар келип чыгышы да күтүлөт. Эгерде шаар башкаруу жагы натыйжалуу иштей алса, шаардашуу туруктуу өнүгүүгө гана шарт түзөт.

Мурдагы пост

375 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КУРГАТЫЛГАН ЖЕМИШ САТЫЛДЫ

Кийинки пост

ЭМКИ ЖЫЛЫ КОСМОСТО КҮНӨСКАНА УЮШТУРУЛАТ

Кийинки пост
ЭМКИ ЖЫЛЫ КОСМОСТО КҮНӨСКАНА УЮШТУРУЛАТ

ЭМКИ ЖЫЛЫ КОСМОСТО КҮНӨСКАНА УЮШТУРУЛАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In