АКШдагы Redwire корпорациясы эмки 2023-жылы жазында космоско биринчи коммерциялык күнөскананы жөнөтө турган болду. Бул Жер шарынан башка жактарда өсүмдүктөрдү өстүрүү жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү максатын көздөйт. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазып чыкты.
Аталган корпорациянын күнөсканалар боюнча долбоорунун менеджери Дэйв Риддин айтымында, бул долбоор NASA Artemis миссиясы жана башка да долбоорлор үчүн маанилүү малыматтарды алууга жардам бериши ыктымал. Ал эми Artemis программасы астронавтарды Айга учурууга жана Айда узак мөөнөт иштей турган колонияны уюштурууга багытталган.
Redwire билдиргендей, бул коммерциялык долбоордун биринчи кардары Dewey Scientific айыл чарба технологиялык компаниясы болмокчу. Бул жаңы долбоор космосто өсүмдүктөрдү өстүрүү жаатында изилдөө жүргүзүү менен адамзаттын мүмкүнчүлүгүн арттырат деген ишеним бар.
Ал эми Redwire корпорациясы аэрокосмостук техникаларды чыгаруу жана космостук инфратүзүмдөр менен алек болуп келаткан ири компаниялардан. Ал Флорида штатынын Жексонвилл шаарында жайгашып, AE Industrial Partners жеке менчик инвестициялык компаниясы тарабынан 2020-жылдын 1-июнунда түзүлгөн.
Эскерте кетсек, үч жыл мурда – 2019-жылдын июлунда NASAнын экипажы космоско чили калемпиринин (Capsicum annuum) үрөнүн алып чыга турганы тууралуу маалымат тараган. Бул космостук айыл чарба долбоору Марска учуу үчүн даярдык программасынын алкагында жүргүзүлгөн. Анткени АКШнын Космостук агенттиги эки жылдан кийин Марска учууну ишке ашыруу максатында башка да долбоорлорду түзгөн. Ал эми чили калемпири бекеринен тандалып алынган эмес, ал бийик жерде жана бат өсөт. Ошондой эле салмаксыздык жана көмүр кычкыл газы көп болгон чөйрөдө оңой чаңдаша турганы да эске алынган.