www.versia.kg
Суббота, Июль 18, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ДССУ: COVID-19 ПАНДЕМИЯСЫНАН УЛАМ ДИАБЕТ, ШИШИК ООРУЛАРЫ ЧЕТТЕ КАЛДЫ

08.06.2020
0 0
0
SHARES
138
Просмотры
Бөлүшүү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиришинче, COVID-19 падемиясынын айынан диабет, шишик жана жүрөк-кантамыр системасынын оорулары көңүл буруусуз калды. Демек, бул багытта көйгөйлөр жаралып, бейтаптар зарыл дарылануудан өтө алышпай жатат.

Мындай жыйынтыкка май айынын алгачкы үч аптасында 155 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоолордон улам келишкен. Деген менен, мындай ооруларга дуушар болгон кишилерде COVID-19 илдети оор өтө, демек, алар бүгүнкү шартта кош соккуга дуушар болушат. Ошондуктан да ДССУнун башкы директору, доктор Тедрос Гебрейесус өкмөттөрдү пандемияга карабастан жугуштуу эмес ооруга чалдыккандарга туруктуу жардам берүүгө чакырды.

Сурамжылоонун жүрүшүндө маалым болгондой, көптөгөн өлкөлөрдө гипертониядан жабыр тарткандарды (өлкөлөрдүн 53 пайызында), диабетке чалдыккандарды (49 пайызында), рак менен ооругандарды (42 пайызында), жүрөк-кантамыр ооруларынан азап чеккендерди (31 пайызында) дарылоо токтоп калган. Бардык өлкөлөрдүн дээрлик үчтөн биринде калыбына келтирүү медицинасы тейлөөнү токтоткон. Өлкөлөрдүн жарымында диагностиканын алдын алуучу чаралары да жүргөн эмес.

Мындай көрүнүшкө пландуу процедуралардын убактылуу токтоп калышы, унаа жагынан көйгөйлөрдүн жаралышы, дары-дармектердин жана диагностикалык каражаттардын жетишпестиги да себеп болуп калды. Анан калса, дээрлик бардык өлкөлөрдө жугуштуу эмес оорулар менен иштеген дарыгерлер COVID-19 бейтаптарын дарылоого жөнөтүлгөн.

Бирок, ДССУ билдиргендей, көптөгөн өлкөлөр COVID-19 менен күрөшүүнүн улуттук пландарына жугуштуу эмес ооруларды дарылоону да киргизе баштаганы кубанычтуу. Мындай көрүнүш өнүккөн өлкөлөрдүн 72 пайызында, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн 42 пайызында орун алган. Ал эми 19 пайыз өлкөлөрдө бул максаттар үчүн кошумча каржы бөлүнүп жатат. Көп  өлкөлөрдө өтө муктаж бейтаптарга телефон аркылуу же он-лайн режиминде кеп-кеңеш берүү сыяктуу альтернативдик жардамдар берилип жатат. Сурамжылоого катышкан өлкөлөрдүн 70 пайызында COVID-19 илдетин жугузуп алкагандардын ичинен мурда өнөкөт оорулардан жабыр тартып келаткан панциенттер тууралуу маалыматтарды чогултушууда.

Мурдагы пост

672 МИЛЛИОН БАЛА ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫН ЗАПКЫСЫН КӨРҮШҮ ЫКТЫМАЛ

Кийинки пост

БУ ЙИЛ РАМАЗОН ОЙИ ХАР ЙИЛГИДАН БОШҚАЧА БЎЛДИ, ЭНДИ БУНДАН КЕЙИН ҚАНДАЙ БУЛАДИ?

Кийинки пост
БУ ЙИЛ РАМАЗОН ОЙИ ХАР ЙИЛГИДАН БОШҚАЧА БЎЛДИ,  ЭНДИ БУНДАН КЕЙИН ҚАНДАЙ БУЛАДИ?

БУ ЙИЛ РАМАЗОН ОЙИ ХАР ЙИЛГИДАН БОШҚАЧА БЎЛДИ, ЭНДИ БУНДАН КЕЙИН ҚАНДАЙ БУЛАДИ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In