www.versia.kg
Понедельник, Февраль 9, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

“ДИНАМИКАЛУУ ГУДЖАРАТ” ЖОЛУГУШУУСУ: АКТИВДҮҮ КЫЗМАТТАШУУГА ЧАКЫРЫК

22.01.2026
0 0
0
SHARES
115
Просмотры
Бөлүшүү

Раджкот шаарында өткөн Vibrant Gujarat (Динамикалуу Гуджарат) жолугушуусу Индия менен Кыргызстандын өнөктөштүгүн баса белгиледи: делегаттар сооданы кеңейтүүгө чакырышты.

Vibrant Gujarat (VGRC) регионалдык конференциясы быйыл Раджкот шаарында эл аралык активдүү катышуу менен өттү. Инвестициялардын жаңы багыттарын жана чек ара аралык кызматташууну талкуулоо үчүн саясатчылар, дипломаттар жана бизнес өкүлдөрү чогулушту. Чет элдик көрүнүктүү коноктордун арасында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Бектурган Калыбек уулу болду. Анын катышуусу Борбор Азия өлкөлөрүнүн Индиянын өнүгүү траекториясына болгон кызыгуусунун өсүп жатканын айгинеледи.

Быйылкы 11–12-январда өткөн жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди ачып берген эки күндүк конференция Саураштра–Катч аймагынын экономикалык трансформациясына арналды. Кайра жаралуучу энергетикага, “акылдуу” инфраструктурага, туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген өсүүгө жана өнөр жайды диверсификациялоого басым жасоо менен иш-чара Гуджарат аймагынын Индиядагы экспорттук жана инновациялык потенциалды арттыра алган глобалдык бизнес-хаб катары кадыр-баркын дагы бир жолу тастыктады.

Иш-чарадан көп өтпөй эле журналисттерге берген маегинде Бектурган Калыбек уулу Индиянын экономикалык ыкчам өнүгүүсүн жогору баалап, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө чакырды. «Мен бүгүн бул конференцияга премьер-министр Нарендра Моди менен бирге катышып жатканыма абдан кубанычтамын, — деди ал. — Биз Индиядан инвесторлорду өлкөбүзгө тартууга жана мамлекеттерибиздин ортосундагы достукту бекемдөөгө көңүл бурууну көздөп жатабыз. Индия абдан тездик менен өнүгүп жатат. Келечекте Индия менен өлкөбүздүн ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүүгө үмүттөнөбүз». Кыргызстандын өкүлү Vibrant Gujarat (Динамикалуу Гуджарат) платформасы, айрыкча өндүрүш, айыл чарба жана технология тармактарында жаңы өнөктөштүктөрдү издеп жаткан чакан экономикалар үчүн барган сайын маанилүү болуп бара жатканын белгиледи.

Индия менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин тарыхы 30 жылдан ашат жана ал Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон көп өтпөй башталган. Индия 1992-жылдын март айында расмий дипломатиялык мамиле түзгөн алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп, бул коргонуу тармагындагы кызматташууга, көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө, гуманитардык алмашууларга жана потенциалды жогорулатуу программаларына жол ачкан. Анан 2019-жылдын июнь айында премьер-министр Модинин Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилеси расмий түрдө стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүп, соода жана коопсуздук тармагындагы кызматташуунун жаңы алкактарын түздү.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Индия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүүсү рекорддук 116 миллион АКШ долларына жетти. Анын ичинен Индиянын экспорту болжол менен 89 миллион долларды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 200 пайыздан ашык өскөн. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Индияга экспорту 27 миллион долларга жеткен. Индиядан экспорттолгон негизги товарлардын катарына фармацевтикалык продукция, электр машиналары жана жабдуулар, кийим-кече жана азык-түлүк товарлары кирди — бул тармактарда индиялык өндүрүүчүлөр дүйнөлүк рынокто бекем туруктуу орунга ээ. Кыргызстандан импорттолгон товарларга мунай продуктылары, чийки зат жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясы, жашылчалар, ошондой эле кайра иштетилген балык жана эт кирди.

Оң динамикага карабастан, расмий өкүлдөр бул көрсөткүчтөр узак мөөнөттүү потенциалды толук чагылдырбай турганын белгилешти. Сооданын учурдагы товардык номенклатурасын кеңейтүү жана эки өлкөдө тең бири-бирин толуктаган артыкчылыктар бар секторлорго диверсификациялоо зарылдыгы бар. Жакын арада кеңейтүүгө артыкчылыктуу багыттар катары фармацевтика, санариптик кызматтар, кесиптик жана жогорку билим берүү, ирригация жана агротехнологиялар, тоо-кен өнөр жайы, кайра жаралуучу энергетика, тамак-ашты кайра иштетүү, текстиль жана кездемелер, бут кийим, булгаары буюмдары, асыл таштар жана зер буюмдар белгиленди. Ошондой эле эки тарап Индиянын инкубаторлорду түзүүдөгү тажрыйбасын, финтехти, санариптик коммерцияны жана жеткиликтүү инновацияларды эске алуу менен стартап-экосистемалар тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.

Соодадан тышкары, кызматташууну кеңири багыттарда өнүктүрүү үчүн комплекстүү план талап кылынат. Алардын катарына инвестицияларды илгерилетүү, өнүгүү долбоорлору, саламаттык сактоо жана медициналык камсыздоо, банк иши жана финансы, инфраструктураны өнүктүрүү, квалификациялуу жумушчу күчүнүн мобилдүүлүгү, климатка ыңгайлуу технологиялар, транспорттук байланыштуулук, стандарттар жана сертификация, интеллектуалдык менчик, ошондой эле чек ара аралык бизнести жеңилдетүү үчүн жөнгө салуучу алкактарды жакшыртуу кирет.

Индия Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган соода жарманкелерине жана көргөзмөлөрүнө катышууга кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастады жана кыргызстандык тармактык бирикмелерди Индиядагы көргөзмөлөргө, анын ичинде Vibrant Gujarat глобалдык саммитине активдүү катышууга чакырды. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, мындай өз ара визиттер жана тажрыйба алмашуулар эки өлкөнүн ишкерлери, инвесторлору, акыркы керектөөчүлөрү жана саясатчылары ортосунда байланыштарды түзүүнүн жана ишкердик таанымалдуулукту жогорулатуунун негизги механизми бойдон калууда.

Кошумча дагы белгилей кетсек, Индиянын Гуджарат штатындагы Раджкот шаарында өткөн Vibrant Gujarat Regional Conference алкагында уюштурулган Reverse Buyer Seller Meet (RBSM) эл аралык иш-чара да болуп өттү. Бул иш-чарар Federation of Indian Export Organisations (FIEO) жана Гуджарат штатынын Өкмөтү тарабынан уюштурулуп, 100дөн ашуун чет өлкөлүк делегаттарды жана 1000ге жакын индиялык компанияларды бириктирди. Бул аянтча түз бизнес байланыштарды түзүүгө, экспорт жана инвестиция маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди.

Иш-чарага Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди катышып, Индия экономикасынын ыкчам өсүшүн жана Atmanirbhar Bharat демилгесинин маанисин белгиледи. Иш чарага Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Бектурган Калыбек уулу катышып, презентация жасап, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду. Мындай жолугушуулар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы бизнес жана өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүүдө маанилүү роль ойной турганы белгиленди.

Индия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер демократия, тынч өнүгүү, маданий алмашуулар жана мамлекеттүүлүккө чейинки доорлорго барып такалган цивилизациялык байланыштар сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделет. Бүгүнкү күндө кеңейип жаткан саясий диалог экономикалык жана соода байланыштарын тереңдетүүгө өбөлгө түзүүдө. Кыргызстан рынокторду диверсификациялоого умтулуп, Индия глобалдык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү катары чыңдалып жаткан шартта, эки өлкө кызматташууну кеңири масштабда өнүктүрүүгө даяр экени байкалат.

Гуджарат аймагы өзүн регионалдык жана глобалдык экономикалык байланыштыруучу борбор катары көрсөтүп жаткан шартта, VGRC 2026 сыяктуу деңгээлдеги иш-чараларга Кыргызстан сыяктуу Борбор Азиялык өнөктөштөрдүн катышуусу ачык белги катары кабыл алынууда: Индиянын экономикалык жагымдуулугу анын жакын коңшулугунан алда канча арыга жайылып, терең кызматташууга болгон түрткү улам күчөп баратат.

Эркинбек КАМАЛОВ.

Мурдагы пост

TEZJET: ДЕЛИ–БИШКЕК ТҮЗ КАТТАМЫ ТУРИСТТИК БАЙЛАНЫШТАРДЫ ЧЫҢДАЙТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In