Турмушта кезигүүчү ар кандай чукул (өзгөчө) кырдаалдарда журналисттик ишмердикти жүргүзүүнүн кандай кепилдиктери бар? Ушуга чейин боло келген чукул кырдаалдарда журналисттердин коопсуздугун кайсы тараптар өз жоопкерчилигине алып келген? Дегеле алардын коопсуздугуна ким жооп берет? Жалал-Абад шаарында өткөн тегерек столдо дал ушул суроолордун тегерегинде кеңири талкуу болду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл ай коомунун Жалал-Абад областтык филиалы уюштурган жана КР Журналисттер союзунун областтык бөлүмүнүн жана “Контент-медиа” коомдук фондунун көмөгү менен өткөн “Чукул кырдаалдардагы журналисттик ишмердиктин тобокелдиктери” аттуу тегерек столго областтын аймагындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер, медиа-уюмдардын, басма сөз кызматтарынын, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар тармагынын, мамлекеттик башкаруу кызматтарынын өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдо негизинен чукул кырдаалдар түшүнүгү жана андагы журналисттердин жалпы коопсуздугу, жергиликтүү журналисттер катышкан чукул кырдаалдар жана андагы тобокелдиктер, ошол тобокелдиктерден келип чыгуучу коопсуздук муктаждыктарын аныктоо жана коопсуздукту камсыздоо чаралары тууралуу кеп жүрдү.
Катышуучулар чукул кырдаалдар учурунда журналисттердин коопсуздугу тобокелде калган учурлар дайыма эле кезигерин, бирок алардын коопсуздугун сактоо, тобокелдиктердин алдын алуу жагынан даярдык чаралары көрүлбөй келатканын белгилешти. Мисалы, 2019-жылдагы жүз берген ковиддик пандемия жана постпандемиялык учурда журналисттердин коопсуздугу тобокелде калганы, алар өз ишмердигин жүргүзүү маалында өздөрү иштеген компаниялар же башка мамлекеттик кызматтар тарабынан жеке коргоо каражаттары камсыздалбаганы айтылды. Айрым катышуучулар мындай жардам “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен Бишкектеги “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан гана эки курдай уюштурулганы тууралуу кеп салышты. Ошондой эле ар кандай чыр-чатактар, башамаламандыктар жана куралдуу кагылыштар учурунда (мисалы Баткен аймагындагы чек ара конфликттеринде) да журналисттердин коопсуздугу, алардын жеке коргоо каражаттары тууралуу эч ким ойлонбогону тууралуу да пикирлер ортого салынды.
Жогорудагы айтылгандай чукул кырдаалдарда журналисттер өз коопсуздугун кантип камсыз кыла алышат? Алар мындай коопсуздук тууралуу эмнелерди билиши керек? Алар өздөрү кандай даярдыкта болушу шарт? Дегеле жеке коргоо каражаттарын ким камсыздайт? Мындай аракеттердин мыйзамдык базасы керекпи? Ушундай суроолордун айланасындагы кызуу талкуудан кийин тегерек столдун катышуучулары тийиштүү жыйынтыктарды чыгара алышты.
Биринчиден, журналисттер чукул кырдаалдар, андан келип чыгуучу коопсуздук тобокелдиктери тууралуу жана андай тобокелдиктерге карата өздөрүнүн жеке коопсуздук чаралары тууралуу билиши шарт деген пикирге келишти. Бул багытта ММКлар жана медиа-уюмдар тиешелүү мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдары менен өз ара кызматташуулары зарылдыгын да белгилешти.
Экинчиден, чукул кырдаалдар учурунда журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу ушундай кырдаалдарда иштеген самаматтыкты сактоо, ветеринария, өзгөчө кырдаалдар жана башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында атайын мыйзам актылары менен камсыздалышы керек деген пикирге келишти.
Үчүнчүдөн, чукул кырдаалдар учурунда журналисттик ишмердиктин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү ММКлар жана медиа-уюмдар тийиштүү эл аралык уюмдар жана фондулар менен өз ара өнөктөштүк кызматташууларды алып барышы зарыл деп эсептешти.
Ал эми Кызыл ай коомунун өкүлдөрү да бул багытта кандайдыр бир максаттарды алдыга коюп, журналисттер жана медиа-уюмдар менен кызматташуу чаралары зарыл экенин белгилешти. Деген менен, коомчулук арасында коопсуз жашоо маданиятын калыптандыруу ММКлар жана журналисттерсиз мүмкүн эместиги анык.
Эми эмне болот? Чукул кырдаалдардагы журналисттердин коопсуздугунун тоболкелдиктери анык болду; бул багытта буга чейин эч кандай арактетер болбогону да белгилүү болду; мындан ары бул өксүктү жоюунун багыттары (зарыл чаралары) да аныкталды. Демек, айтылган ойлорду, белгиленген максаттарды ишке ашыруу гана калды. Ал эми бул жагы өзүнчө кеп.