Саламаттыкты сактоонун глобалдык уюмунун жетекчилиги, Amref Health Africa уюмунун башкы директору доктор Гитинжи Гитахи, Эл аралык медайымдар кеңешинин президенти Пэм Сиприано баш болгон дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы мартабалуу медициналык уюмдар жана дарыгерлер тобу 30-ноябрдан 12-декабрга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дубайда өтүүчү Дүйнөлүк климаттык конференциясынын (СОР 28) президенти, Бириккен Араб Эмирлигинин султаны Ахмед Аль-Жаберге кат жолдошту. Анда казып алынуучу отундун айынан дүйнөдө миллиондогон адамдар мерт кетип, триллиондогон доллар зыяндар келип жатканы тууралуу айтышкан жана көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруучу отунду казып алууну тезинен кыскартуу талабын коюшкан.
Дарыгерлер ал катта казып алуунучу отунду жагуунун (нефть продуктылары, көмүр, жаратылыш газы ж.б.) кесепетинен аба булганып, анын өзү жыл сайын кишилердин 7 миллион мезгилсиз өлүмүнө себеп болуп жатканын билдиришкен. Анан да абанын булганышынан улам саламаттыкты сактоо чөйрөсүнө кеткен экономикалык чыгымдар 2019-жылы эле 8,1 триллион долларды түзгөнүн белгилешкен. Бул дүйнөлүк ички дүң продукциянын 6,1 пайызына барабар дегендик.
Ошондой эле, дарыгерлер абанын тазалыгын сактоо менен рак, жүрөк-кан тамыр, неврологиялык, дем алуу органдарына байланышкан оорулардын алдын алууга жана аларды азайтууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр жараларын айтышкан. Мунун өзү абанын булганышынан келип чыгуучу саламаттыкты сактоо чөйрөсүнө жумшалуучу жана аба-ырайынын экстремалдуу кырдаалдарына байланышкан миллиарддаган доллар чыгымдарды үнөмдөөгө шарт түзөрүн, 2021-жылы андай чыгымдар 253 миллиард долларга жеткенин жазышат.
“Жыл сайын өлкөлөр жүздөгөн миллиард долларларды казып алынуучу отун өнөр жайына жумшап жатышат, бул каражаттарды саламаттыкты сактоонун келечегине инвестицияласа болор эле. Кирешеси үлкөн өлкөлөр, өнүгүүнү каржылоочу институттар жана жеке менчик сектор таза энергияны, таза абаны алуу жана климаттын өзгөрүшү менен казып алынуучу отундун булгоосунан жабыр тарткан коомдорго инвестицияны тартуу жана көбөйтүү боюнча өз милдеттенмелерин аткарышы тийиш” деп жазышат дарыгерлер.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 12-декабрда Парижде өткөн БУУнун климаттык конференциясында (СОР 21) абага чыгуучу көмүр кычкыл газынын көлөмүн кыскартуу, абанын ысып кетишин 1,5 градуска чейин кармап туруу, климаттык кесепеттердин алдын алуу боюнча реалдуу милдеттенмелер камтылган Париж келишими кабыл алынган. Бул милдеттенмелерди моюндоо менен келишимге дүйнөнүн 194 өлкөсү кошулган, бирок азыркыга чейин кабыл алынган милдеттенмелер өз деңгээлинде аткарылбай, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери жыл сайын коркунучтуу чекке келип жетүүдө. Эми быйылкы 30-ноябрдан 12-декабрга чейин БУУнун Дубайда өтүүчү Дүйнөлүк климаттык конференциясында (СОР 28) климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттеринин алдын алуу жана кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу боюнча дагы бир жолу талкуулар жүрөт.