Кытай бийликтери түшүмдү рекорддук деңгээлдеги кургакчылыктан сактап калуу үчүн химикаттардын жардамы менен жасалма жамгырды колдонуу жолун пландаштырууда. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнө нымдуулуктун бууланып чыгып кетишин чектөөчү кошулмаларды чачуу да көздө тутулууда. Бул тууралуу Associated Press (АР) маалымат агенттигине шилтеме берүү менен EastFruit платформасы маалымдады.
Буга чейин Янцзы дарыясынан көз каранды болгон Кытайдын бир катар аймактарындагы кургакчылык тууралуу маалымат булактары кеңири маалымдашкан. Түшүмдөн айрылып калбастык үчүн жергиликтүү фермерлер булут чакыруучу насостор менен ракеталарды пайдаланышкан.
Чынында эле быйылкы жай Кытай үчүн акыркы 61 жылдагы эң эле аптаптуу болду. Кургакчылык суу сактагычтарды жарым-жартылай кургатып, айыл чарба өсүмдүктөрү соолуп калды. Деген менен, Кытайдын көпчүлүк аймактары узакка созулган жайкы аптаптан жана жамгырдын аз жаашынан жабыр тартып келет. Сычуань, Хубэй, Хунань, Аньхой и Цзянси провинцияларында, ошондой эле Чунцин шаарында жайдын ысыгы айыл чарбасына катуу зыян келтирди. Жүз миңдеген тургундар ичүүчү сууга жетпей, кыйынчылыкта калышкан.
Айыл чарба министри Тан Жэньцзяндын баамында, кийинки он күндүк Кытайдын түштүгүндөгү күрүч талааларынын түшүмү үчүн маанилүү мезгил эсептелет. AP агенттиги жазгандай, бийликтер өлкөнүн 75 пайызын түзгөн дандын күзгү түшүмүн сактап калуу үчүн химикаттар кошулган жасалма жаанды пайдалануу боюнча чараларды көрүп жатышат.
Аккыркы бир нече апталарда Азиядагы эң узун Янцзы дарыясынын боюнда болуп көрбөгөндөй ысык жүз берди. Янцзы дарыясынын оң жээгиндеги Поянху көлүндөгү суунун чейрек көлөмү бууланып кеткен. Ошондой эле Чунцин муниципалитетинин 34 округундагы 64 дарыя кургап калган.