Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган «Айымдар бизнесте» насаатчылык программасынын экинчи баскычы жыйынтыкталды.
Өткөн сезондогудай эле программаны ишке ашыруу «Курак» аялдар форуму» менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кызматташуусунун негизинде, ишкер айымдар үчүн WeFi каржылык демилгесинин жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосунун натыйжасында мүмкүн болду.
«Биз аялдардын ишкердигин илгерилетүүнү активдүү ишке ашырып жана ишкер аялдарга «Айымдар бизнесте» программасынын бардык инструменттерин –насаатчылыкты, каржылоонун жеткиликтүүлүгүн, консультациялык жардамды жана окутууларды колдонуу менен бизнестин жакшы натыйжаларына жетүүгө жардам берүүнү улантып жатабыз. Насаатчылык программасынын бардык катышуучуларына мындан аркы ишиндеги ийгиликтерди жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз», — дейт Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча ЕРӨБдүн аймактык директору Айтен Рустамова.
«Насаатчылыктын бул жолку сезонунда биз уста жана шакирттердин мыкты натыйжаларга жетишкен командалык ишин көрдүк. Мындай адамдар менен иштөөнүн өзү ырахат болду! Бул чындап эле аялдардын ишкердигин өнүктүргөн жана өлкөбүздү алдыга жылууга жардам берген Кыргызстандык ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрунүн биримдиги», — деп кошумчалады программанын жетекчиси Банур Абдиева.
Жети айдын ичинде 36 кыргызстандык кыз-келин насаатчылар менен түгөйдө иштеп, бизнесин натыйжалуу жана кирешелүү кылуунун жолдорун үйрөнүп, заманбап технологияларды өздөштүрүп, жекече өсүү менен алек болушту. Катышуучулар үчүн тренингдер, лекциялар, семинарлар, чеберлер-классы, онлайн жана оффлайн түрдөгү эртең мененки бизнес-тамактар, ишканалар менен таанышуу турлары, бизнес таймаштар жана оюндар уюштурулду. Бул программанын бардык катышуучуларына кеңеш берүү үчүн долбоорго ыктыярдуу башталыштагы тогуз насаатчы-элдвайзер кошулуп, алардын географиясы бул жолу кеңейди. Тажикистан, Казакстан, Түркия жана Германиядан келген ийгиликтүү ишкерлер жана бизнес-кеңешчилер тажрыйбалары менен бөлүштү.
Уюштуруучулар тарабынан программада өзүн жигердүү алып жүргөн жана насаатчысы менен жогорку натыйжаларга жетишкендикти көрсөткөндүгү менен белгилүу болгон Түркиядан келген нейромаркетинг боюнча кеңешчи Вадим Хасанов мындай деп билдирди:
«Эркектерге ишенимдүү жардамчы, чарбада мыкты кожойке, балдарды тарбиялап-өстүргөн жана ошол эле убакта бизнес менен да алектенген аялдар патриархалдык рыноктогу күчтүү атаандаштыктыктын артыкчылыктарына жетүүгө татыктуу. Аялдардын бизнесин өркүндөтүүгө жардам берүү аркылуу, мен рыноктун башка катышуучуларын айымдарга карата урмат-сый менен мамиле кыла башташына үлгү болом».
«Айымдар бизнесте» программасында тармактык чектөөлөр жок. Өткөн 2021-жылдын аягында долбоорго карата тандоонун жүрушүндө тейлөө, билим берүү, туризм, консалтинг, медицина, соода-сатык, дыйканчылык жана тигүү өндүрүшүнүн тармагындагы бизнести өнүктүргөн лидер аялдар ийгиликтүү тандалып алынды. Программага Бишкек, Ош шаарлары, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарынын ишкерлери катышты.
«Айымдар бизнесте» программасы – бул мүмкүнчүлүктөр, пайдалуу байланыштар жана жаңы билимдер дүйнөсүнө карата “эшик”. Ал сизге чек араны кеңейтүүгө жана өзүңүзгө ишенүүгө түрткү берет. Мен мындан ары кантип жана кай жакка карай жылышым керектигин жана бизнес-процесстерди кантип куруу керектигин түшүндүм, андан ары өнүгүү үчүн зор билим алдым, биздин аялдар кандай сонун бизнестерди ачып жатканын көрдүм», — дейт бул сезондун мыкты шакирттеринин бири катары таанылган «Green Valley» ден соолук үчүн экологиялык азыктарды негиздөөчүсү Юлия Шуейри.
Lingua Yurt тил мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Чолпон Бешкемпирова бул программага ишин кантип кеңейтип, мындан да ийгиликтүү ишкер болууну үйрөнүү үчүн келген.
«Насаатчы Айнура Сагынбаева жумушта кандай инструменттерди колдонууга болорун көрсөтүп, келечекке тайманбастан кароону, учурдагы маселелерге алаксыбай, бир нече жыл алдыга карай пландоону үйрөттү», — деп билдирди «Эң чоң кирешенин көбөйүшү» номинациясынын жеңүүчүсү. Программага катышуу учурунда, Чолпон өзүнүн бизнесинде жети жаңы жумуш ордун түзүп, кирешесин 300 пайызга көбөйтүүгө жетишти!
«Айымдар бизнесте» программасынын жыйынтыгы боюнча алты шакирт артыкчылыктуу сертификаттарга ээ болуп, алардын насаатчылары мыкты деп табылды. Долбоордун башка катышуучулары дагы жогорку натыйжалар жана мотивация, жаңы багыттагы демилге жана бизнести кеңейтүү, социалдык багыт жана инвестицияларды тартуу, тайманбас, айкөл жана билимге болгон умтулуу үчүн номинациялары менен белгиленди.
Сандар
Ушул жылдын январь айында башталган бизнести башкаруу боюнча насаатчылык программасынын экинчи этабына 44 түгөй катышып, алардын 36сы финалга жетти.
Катышуучулар үчүн инсандык өсүү жана бизнести өнүктүрүү боюнча 14 тренинг жана семинарлар, 29 мониторингдик саякат жана бул сезондун жаңылыгы катары — коуч менен психологдор тарабынан 40тан ашуун окутуучу сессиялар өткөрүлдү.
Программанын жыйынтыгында шакирттердин жарымынан көбү жаңы рынокторго чыгышты, ал эми 75 пайыз товарлардын жана кызматтардын ассортиментин кеңейтти. Катышуучулардын 67 пайызы эмгек акы фондун, 92 пайызы сатуу көлөмүн, 83 пайызы кирешесин көбөйттү. Мындан тышкары 36 пайызы инновацияларды жана автоматташтырылган бизнес-процесстерди киргизип, 25 пайызы бизнесин өнүктүрүү үчүн каражат тартып келишти. Бардык 36 шакирт жекече өсүштү белгилеп, алардын 67 пайызы кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга жетишти. Программаны ишке ашыруу мезгилинде 133 жаңы жумуш орундары түзүлдү.