Жалал-Абад областтык театрынын артисттери мигранттарга кол сунуп, Орусияга барууга камданып жатышат.
Барпы Алыкулов атындагы областтык театрдын жетекчиси Санжар Берикбаев үстүбүздөгү жылдын май айында Орусиянын 19 шаарын кыдырып, театр коюп келишерин билдирди. Ал эми театрдын көркөм жетекчиси Адыл Абдувахитовдун айтымында Орусиянын Батыш Сибирь тарабындагы шаарларга баруу пландалган, анткени ал жактарда кыргыз айылдары бар. Кыргыз мигранттарына арналып драматургМар Байжиевдин калемине таандык “Адашкан адам” спектакли тандалып алынган.
-Буга чейин кыргыз мигранттарына жеке эстрада ырчылары гана шоу-концерттер менен барып келишкен. Театр биринчи жолу бара жатат, аларды театрдан да алыс кылбашыбыз керек. Азыр тиешелүү тараптарга, өкмөткө, министрликке кат жолдоп, катуу даярдык көрүп жаткан чагыбыз, – дейт А. Абдувахитов.
“Адашкан адам” спектаклинде башкы каармандардын биринин ролун жараткан жаш актриса Орозгүл Ибайдиллаевнын айтымында, аталган спектакль мигранттарга жакшы таасир калтырышы мүмкүн, анткени чыгармада үй-бүлөлүк баалуулук жана кечиримдүүлүк көрсөтүлөт.
-Спектаклдеги адашкан адам, ийгиликтин, күнүмдүк жыргалдын жана жумуштун шылтоосу менен үй-бүлөсүн таштап кеткен ата. Көпчүлүк мигранттар бала-чакасынан алыста жашап жатат, эгерде биздин театр жакшы таасирин берсе, балким артка кайтышар, жок дегенде үй-бүлөгө бекем болушат, — дейт ал.
Эске сала кетсек, Барпы театрынын жамааты гастролдор үчүн 2017-жылы “Спринтер” автоунаасын алууга жетишкен. Жыл сайын областтын район-шаарларын аралап, аймактагы элге да өнөрүн тартуулап келишет.