Өлкөдө экинчи жылы аймактарды өнүктүрүү аракети болуп жатат. Ал эми аймактарды өнүктүрүү айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай, унаа, соода жана тейлөө, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшү менен тыгыз байланышкан. Демек, ар бир аймактын алга карай өнүгүп жүрүп отурушу ушул чөйрөлөрдөгү алга жылуунун абалы менен каралат.
Айталы, акыркы жылдары балык чарбасы, анын пайдалуу экени, балык чарбасын түзүп, иштеткиси келгендер аны өсүп жатканы тууралуу айтылып келет. Бул жагынан Жалал-Абад областында да шарттар жетиштүү, анткени суусу кенен, ыңгайлуулугу бар аймактарда балык өстүрүп, бул тармакты жолго коюуга болор эле. Атап айтканда, алыскы Ала-Бука районунун айыл аймактарында да балык чарбасына кызыккандар аз эмес экен, бирок бул жагынан айрым көйгөйлөр да барлыгы көрүнөт.
Азыр Ала-Бука районунда жеке ишкерлер тарабынан түзүлгөн 5 балык чарбасы бар экен. Бирок, алардын дээрлик баарында эле балыкты багып өстүрүү, андан киреше табуу жагы ойдогудай эмес. Кала берсе, айрым ишкерлер чыгымга учурап, пайда таба албай калганы байкалат. Маселен, бул багытта Ала-Бука районундагы Балтагулова айыл аймагынын Баймак айылында жашаган жеке ишкер Абдырахман Баймырзаевдин иш таржымалы башкаларга сабак болгудай.
А. Баймырзаев учурунда айыл аймагында айыл башчысы болуп иштеп турган. Ошол учурда бир эле аралык уюму балык чарбасын уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча аймактардан атуулдарды окууга чакырган болчу. А. Баймырзаев буга кызыгып, атайын окуусуна катышып, балык өстүрүүнүн сырларын үйрөнүп алган. Анан анда балык чарбасын уюштурсам, киреше тапсам деген ниет пайда болду. Ошентип, 2015-2016-жылдары өзүнө караштуу жерде балык өстүрүү үчүн көлмө даярдаган. Буга мурдатан агып турчу сайдын суусу ыңгайлуу эле. Анан атайын ушундай чарба түзүп, иштетүү багытында долбоор даярдап, эл аралык уюмга тапшырган. Бактыга жараша анын долбоору жактырылып, аны ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү ачылды.
Ошентип, 2017-жылы долбоордун иши башталды да, ал өзү даярдаган көлмөгө 76 миң сомго алган 243 килограмм майда балыктарды салган. Адегенде ал форель балыктарын өстүрүүнү ойлонгон эле, бирок кийин бул максатынан баш тартты. Себеби, форель балыктары жылуу сууда жашабай, муздак сууну сүйгөндүктөн, башкалардын кеңеши менен балыктын Белый амур, сазан түрүн тандады.
Ошондон бери балыктарды багып эле келатат, алар жетилип, азыркы кезде товардык баалуулук болуп калды. Бирок, киреше алуу тууралуу ойго да келе электиги кызык. Деген менен, ишкердин айтымында көлмөдөгү балыктарынын ар бири орточо 1,5-2 килограммдан чыгат. Бирок, балык кармап, сатыкка чыгаруу тууралуу анча ойлоно элек. Өзү айткандай, башка толгон-токой иштер менен убара болуп, буга колу да бошой элек. Анан калса, кайырмакка майда балыктар түшүп, чоң балыктар карматпайт экен. Аларды кармаш үчүн чоңураак тор керек болууда.
Мындан чыкты, аймактарда жеке ишкерлерге өндүргөн продукциясын сатып өткөрүү жагынан жардам берүү үчүн аларга маркетинг системасы боюнча окуулар зарыл экени байкалат. Ошону менен бирге, балыкты өстүрүүнүн жолдорун үйрөтүүчү окуулар да жүргүзүлүшү керек, анткени жергиликтүү ишкерлер өздөрү жашаган аймакта кандай балыктарды өстүрүү керектигин, аларга кандай шарттар туура келерлигин, багуунун сырларын окутуу, практикалык көрсөтүү зарылдыгы да турат. Себеби балыктар да ылаңга учурушат, аларды чоңойтуп жетилтүү иши оңой эмес, туура азыктандыруу жагынан да билбестиктерге жол коюлган учурлар көп. Мунун баары жеке ишкерге зыян алып келет да, киреше болбой калат.
Мына ушундай жетишпестиктерден улам Ала-Бука районундагы беш балык чарбасынын үчөөсү арзыркы учурда эптеп ишин жүргүзүп жатышса, калган экөөсүнүн жолу болбой, жеке ишкерлер ири чыгымдарга учурап калышкан. Бул багытта райондун жетекчилигинин да аткара турган иштери арбын. Мисалы, райондук мамлекеттик администрация башысы-аким Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, райондо ишкерлердин ассоциациясы түзүлүп, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү, көлмө казуу жана башка да жабдууларды түзүү жагынан техникалык көмөк берүү жагы колго алынган. Бирок, берилип жаткан жардам толук кандуу жетишерлик деп айтуу кыйын. Анткени, балык чарбасы спецификалуу, биздин аймакка кеңири таркалбаган тармак болуп, анын өзүнүн талаптары, технологиясы бар. Ал эми биздин ишкерлердин бул багытта билими, тажрыйбасы азырынча жетиштүү болбой жатат.
Балким, аймактарда дагы да балык өстүрүүчүлөр саны көбөйөр, алар өздөрүнүн ассоциациясын түзүп, балык чарбасынын маданиятын жогору деңгээлге коюшар. Бул эми келечектин иши болсо керек, бирок азырынча балык өстүрүү тармагында маңдай жылыткан алга жылыштар байкалбай жатат.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.