Индия АКШдагы технологиялык компаниялардагы жетекчи кадрларынын өсүшү жагынан кошуналарына өрнөк болууда.
Microsoft компаниясындагы Сатья Наделла, Alphabet компаниясындагы Сундар Пичаи жана IBM, Adobe, Palo Alto Networks, VMware и Vimeo компанияларынын топ-менеджерлери өз-ара жалпылыкка ээ. Алардын баары индиялыктар болуп саналышат, деп билдирет Bhutan Live. Статистикага таянсак, өлкөдө төрт миллион азчылык өкүлдөрү бар, алардын арасында Силикон өрөөнүндөгү Индия тектүү жетекчилер АКШдагы эң эле бай жана билимдүү болуп саналышарын Bhutan Live жазып чыкты.
Азчылык өкүлдөрүнүн миллиондою – окумуштуу жана инженерлер. Чет элдиктер үчүн жумушка орношууга АКШдан берилүүчү уруксатнааманын жана H-1B визасынын 70 пайыздан ашыгы индиялык инженер-программисттерге берилет, ал эми Сиэтл сыяктуу шаарлардагы чет элдик инженерлердин 40 пайызы да индиялыктар. Youtube компаниясынын жакында эле дайындалган башкы директору да Индия тектүү, деп билдирет Bhutan Live. Көпчүлүк жетекчилер мартабалуу эсептелген Индия технологиялык институтунан (IIT) келишет. Ал жерде Индиянын эң билимдүүлөрү гана окуй алышат, мунун өзү АКШга миграцияланып жаткан инженерлердин сапаты тууралуу айтып турат.
Bhutan Live билдиргендей, Индиядагы билим берүү системасы илимге, технологияга, инженерликке жана математикага (STEM) басым жасайт. Индиялык иммигранттар АКШдагы эң бир жогорку маалыматтуулардан болуп саналышат: 2016-жылы алардын 77,5 пайызынын бакалавр же андан жогорку деңгээде билими болгон – бул жогорку деңгээли бар бардык чет өлкөлүктөр арасындагы эң жогорку үлүш – салыштыра келсек, түпкү америкалыктардын мындай үлүшү 31,6 пайызга жеткен. АКШга барган инженерлер, эреже катары, англис тилиндеги орто мектепке барууга мүмкүнчүлүгү бар жогорку жана ортоңку катмардагы үй-бүлөлөрдөн. Ошентип, англис тилин мыкты билүү ассимилияцияга жана америкалык корпоративдик шаты аркылуу көтөрүлүүгө жеңилдик берет. Анан да алардын алган GRE баллдарынын шарапаты менен алардын көпчүлүгү өздөрүнүн аспиранттык программалары үчүн стипендия алууга мүмкүнчүлүк алышат.
АКШнын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, бутандык студенттер демейде өкмөт менен кызматташуунун жана айрым окуу жайларына сунуш кылынган атайын стипендиялардын аркасында жогорку билим алышууда.
Билим берүү министрлигинин Улуулардын иштери жана жогорку билим берүү департаментинин (DAHE) өкүлдөрүнүң айтымында, АКШда 15 студент мамлекеттик каржылоо алкагында ситпендия алышат, 14 студент өзүн-өзү каржылап окуйт жана үчөө аспирантурада окуусун алынтууда. Эгер индиялык инженерлер ушундай бийиктиктерге көтөрүлүшсө, анда бутандык жаштар да артта калбашы керек, деп жазат Bhutan Live.
Англис тилинен которгон Эркинбек КАМАЛОВ.