www.versia.kg
Пятница, Март 24, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

2023 ЖЫЛ — ТҮРКИЯ ҮЧҮН ЧЕЧҮҮЧҮ ЖЫЛ

13.03.2023
0 0
0
SHARES
156
Просмотры
Бөлүшүү

Бул жылы Түркия Республикасы түптөлгөнүнө 100 жыл толот. Ушул жылкы президентик шайлоолор Түркиянын мындан кийин кандай жолго түшүп, өнүгөрүн аныктайт. Эрдоган түрк дүйнөсү менен эле чектелбей, диний иденттүүлүккө басым жасап, бүтүндөй Ислам дүйнөсүнүн лидери болууга умтулат. Ырас, тышкы саясатта өлкө башчылыгы чоң жеңиштерге жетишти, бирок ички саясатта экономика артта калууда. Түрк оппозициялык партиялары өз ара биригишип, президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерди тандап алышты.

Быйылкы тарыхый даталар чоң мааниге ээ                               

Түрктөрдүн тарыхый даталары бул жылкы боло турган саясий окуяларга өзгөчө маани берүүдө. Азыркы Түркия республика катары Мустафа Кемаль Ататүрк тарабынан 1923-жылы 29-октябрда түзүлгөн, ошондуктан Түркия быйыл өзүнүн 100 жылдыгын белгилөө алдында турат. Ички келишпестиктерден жана тышкы согуштардан алсырап, таркап кеткен Осмон империясынан айырмаланып, жаңы республика биринчи кезекте светтик демократиялык, плюралисттик жана парламенттик системага негизделген болчу. Ататүрк дин менен мамлекеттик башкаруунун ортосуна анык чектөө киргизген эле. Ал мамлекетти модернизациялап жана бүтүндөй иш-кагаздарын карапайым калк түшүнгөн түрк тилине (Осмон доорунун түркчөсүндө араб жана фарси сөздөрү көп колдонулган), жазуу системасында болсо, араб тамгаларынан латын тамгаларына өткөргөн. Бирок, 2002-жылы Режеп Тайып Эрдогандын АК (түрк тилинде “Акыйкат жана Өнүгүү”) партиясы саясатка келиши менен Түркия чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Эрдоган мамлекетти башкарууга саясий Исламды алып келди 

Тагдырдын тамашасыбы же мезгилдин талабыбы, айтор Эрдоган өлкөнүн геосаясатында Ататүрктөн айырмаланып, түрк улутуна жана иденттүүлүгүнө эмес, Ислам динине жана дүйнөсүнө басым жасады. Себеби түрк дүйнөсү Түркия жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана бул тилде сүйлөгөн коомчулук менен гана чектелип, Евразия аймагындагы Анталиядан Якутияга чейинки аймакты гана ээлейт. Ал эми Ислам дүйнөсү — бул Ислам мамлекеттеринин жана ушул динди тутунган элдер, Африка өлкөлөрүнөн баштап, араб тилдүү Жакынкы Чыгыш, миллиондогон Түштүк Азия чөлкөмү жана Индонезияга чейинки эбегейсиз чөлкөмдү ээлеген 1,5 миллиард эли бар бүтүндөй коомчулукту түзөт.

 Эрдогандын диний көз-караштары жана саясий идеялары анын президенттикке келишинен мурда эле, 1990-жылдарга чейин тааныш болгон. Ал динге негизделген партияны түзүп, саясатка аттанганда өлкөнүн Конституциясына туура келбейт деген шылтоо менен ошол кездеги бийлик Эрдоганды түрмөгө камаган болчу. Бирок, түрмөдөгү мөөнөтү бүткөндөн кийин, кийинчерээк Эрдоган АК партиясына мүчө болуу менен саясатка аттанып, чоң саясатка катышып, президенттикке чейин жетишти. Анан да 1995-жылы Түрк парламентине биринчи жолу хиджабчан кирип келген аялды кыйкырык менен кууп чыгышкан болсо, ал эми Эрдогандын бийликке келүүсү менен 2013-жылы парламентте 4 хиджабчан аял пайда болгон.

Өлкөдө экономикалык абал туруксуз бойдон калууда

Түркиянын учурдагы экономикалык абалын түшүнүү үчүн негизинен 3 нерсени билүү жетиштүү. Булар — инфляция көрсөткүчү, ички дүң продукциясы (ИДП) жана жумушсуздуктун деңгээли. Өлкөдө инфляция 50 пайызды түздү. Түркиянын улуттук валютасы болгон лиранын АКШ долларына болгон күчү акыркы жылдары 5-6 эсеге кескин түшүп кеткенине байланыштуу түрк жарандарынын топтоп-сактаган акчаларынын куну азайган.

Кызыгы, дүйнөлүк практикада инфляция күч алганда мамлекеттердеги борбордук банктар (АКШда Федералдык Резерв деген ат менен белгилүү) абалды жөнгө салуу үчүн пайыздык чендерди көтөрөт. Бирок, Эрдоган пайыздык чендерди инфляциядан бир топ төмөн түшүрүү жолун тандаган. Мындай каржылык саясатка макул болбогон улуттук банктын төрагаларын президент бир нече жолу жумуштан алып, алмаштырды. Өткөн жылы борбордук банк монетардык жеңилдетүүнүн кесепеттерин жоюу үчүн интервенцияга болжол менен 108 миллиард АКШ долларын сарптады.

Бирок, жогорудагы чараларга карабастан, күнүмдүк пайдаланган тамак-аш жана буюмдарга болгон баалардын өсүүсү уланууда. Өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли дээрлик өзгөрүүсүз калууда. Түркиядагы жумушсуздуктун деңгээли 2022-жылдын ноябрь айында октябрь айына салыштырмалуу 10,2 пайыз менен өзгөрүүсүз калды. Муну Түркиянын Статистика институтунун (TÜİK) ушул жылдын 10-январда тараткан маалыматы тастыктайт.

Жумушсуздук боюнча убактылуу жөлөкпул алуу үчүн кайрылган жарандардын саны көбөйгөн. Жумушсуздуктун жаштар арасындагы көрсөткүчү 25,9 пайызды түзгөн. Өз кезегинде кандайдыр бир киреше булагынын жоктугу жарандарды өз чыгашаларын кыскартууга мажбурлайт. Демек, керектөөчүлөрдүн суроо-талаптары азайган, бул нерсе жалпы экономикага терс таасирин тийгизүүдө.

Бирок, өлкөнүн Статистика институтунун маалыматына таянсак, Түркиянын ИДПсы 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде (июль-сентябрь) 3,9 пайызга өскөн жана жалпысынан алганда өткөн жылда жан башына эсептегенде ички дүң продуктысы 14 миң 999 АКШ долларын түзгөн. Демек, өлкөнүн ИДПсы өскөнү менен кымбатчылык жана жумушсуздук кыскарбай жатат.

Бул жылкы шайлоолор чечүүчү ролду ойнойт

Эрдоган жетектеген АК партиясынын 20 жылдык бийликтеги учурунда түрк армиясынын генералдарынын өлкөнү башкаруу саясатындагы мурдагы күчтүү таасири төмөндөдү жана ошол эле учурда президенттик жеке башкарууга алып келди. Бирок, 2019-жылы АК партиясынын талапкери Истамбул шаарынын мэрлигине болгон эки жолку кайра шайлоосунда оппозициячыл Экрем Имамоглуга жеңилип калышын элдин, айрыкча шаардыктардын бийликке болгон нааразылылыгы күчөй баштаганынын белгиси катары бааласак болот.

Бирок, былтыр декабрь айында “шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн намысына шек келтирген” деген жалаа менен Экрем Имамоглу камакка алынган. Ошондой эле 2017-жылы конституциялык референдумдун жыйынтыгы менен премьер-министр кызматынын функциялары президентке өткөрүп берилип, Эрдогандын таасиринин күчөшүнө алып келди. Негизинен Эрдогандын көпчүлүк колдоочулары — динге жакын, көбүнесе аймактарда жашаган калк катмары.

Учурда бийлик Түркияда 2023-жылы өтө турган президенттик шайлоого абдан кылдаттык менен даярдыктарды көрүүдө. Бийлик президенттик шайлоо буга чейин күтүлгөндөй ушул жылдын 18-июнунда эмес, 14-майда боло тургандыгын айтып чыккан болчу, бирок февраль айында орун алган чоң жоготууларга алып келген зилзала шайлоонун жаңы датага жылышына жана анын жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн.  Эмне үчүн жогорудагы жаңы дата тандалып алынганынын бир нече себеби болушу мүмкүн. Бир себеби: 1950-жылы Түркияда Ататүрктүн көп жыл башкарган бир партиялуулук системасы жокко чыгып, көп партиялуулук системасы киргизилген болчу. Дагы бир башка себеби: күндөн-күнгө өзгөрүп жаткан өлкөдөгү туруксуз социалдык-экономикалык абал элдик нааразычылыкты күчөтүп жибериши, учурдагы бийликте турган АК партиясынын аброюна терс таасирин тийгизип жана келе жаткан шайлоодо азыраак добуш алышына шарт түзүлүшү мүмкүн.

Эрдогандын атаандаштары — бул бири-бирине таптакыр окшошпогон идеологиялардын негизинде түзүлгөн 6 башка саясий партиялар жана алардын башын бириктирген нерселер азырынча азыраак болууда. Алардын белгилүүлөрү Ахмед Даутоглу — мурунку белгилүү тышкы иштер министри жана Али Бабажан — экономикалык жактан такшалган сынчы, анан да саясатчы Кемаль Кылычдароглу жана дагы башкалар. Бирок, баарынын пикирине туура келген ой — бул президенттик башкаруудан парламентаризмге кайтуу, ал үчүн биринчи кезекте Эрдоганды шайлоодон жеңип чыгуу зарыл болот.

Март айынын биринчи жумасында оппозициячыл күчтөр 74 жаштагы Кемаль Кылычдароглуну бирдиктүү оппозициялык кандидат катары президентик шайлоого катышаарын билдирип чыгышты. Кылычдароглу Эрдогандын өкмөтүн болуп өткөн чоң жер титирөөлөргө даяр болбогону жана анын кесепеттери, экономикалык абал начарлап бараткандыгы үчүн күнөөлөп келет. Кээ бирлер сынчылар Кылычдаролгу оппозициялык кандидат катары жашы улгайып калган экен, Эрдоган менен тең тайлаша алабы деп, күмөн санашы мүмкүн. Бирок чоң саясатта мындай мисалдар көп: Трамп 70 жаштан өткөндө АКШнын президентик шайлоосунда жеңип чыккан, ал эми, Махатхир 90 жаштан өткөндө саясатка кайтып келип, Малайзиянын жетекчилигине шайланган.

Эрдогандын командасы да уктап жаткан жок, өзүнүн шайлоочуларын жакындатуу максатында көптөгөн иш-чараларды пайдаланышары анык. Бирок, баарынан маанилүүсү — шайлоо алдындагы 1-2 жума чечүүчү ролду ойношу мүмкүн. Канткенде да ушул жылкы президенттик шайлоолор жана андан кийинки кадамдар Түркиянын тагдырын аныктоочу чечүүчү окуялардан болуп калуусу шексиз. Түрк эли өз өлкөсүнүн 100-жылдыгын кайсы президент менен бирге майрамдашат — ал ачык жана адилеттүү шайлоолордун жыйынтыгында чечилет.

Эркинбек КАМАЛОВ.

Мурдагы пост

ИНДИЯ-КЫРГЫЗСТАН: ЧИСЛЕННОСТЬ ВЫПУСКНИКОВ СОСТАВЛЯЕТ ОКОЛО 1500 ЧЕЛОВЕК

Кийинки пост

АМЕРИКАНЫН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРЫН КИМДЕР БАШКАРАТ?

Кийинки пост
АМЕРИКАНЫН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРЫН  КИМДЕР БАШКАРАТ?

АМЕРИКАНЫН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРЫН КИМДЕР БАШКАРАТ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In