Йоганын Саудия комитети жана Мектептердин спорту боюнча Саудия федерациясы мектептердеги йоганын келечеги тууралуу талкуулашты. Эми жакында йога Падышалыктын мектептерине спорттун түрү катары киргизилмекчи, бул тууралуу Йоганын Саудия комитетинин президенти Нуф Аль-Марваи билдирди.
Аль-Марваинин айтымында, ден соолукка тийгизген көп жактуу артыкчылары үчүн Билим берүү министрлиги менен бирдикте өлкөнүн бардык мектептерине окуу программасынын бир бөлүгү катары йоганы киргизүү боюнча кызматташып келишет.
Мурдараак, 9-мартта Йоганын Саудия комитети менен Мектептердин спорту боюнча Саудия федерациясынын ортосундагы кызматташтыктын башталышына жана бул нерсе жалпы улуттук маанидеги кызматташтык болуп калышына арналган мектептердеги йоганын келечеги боюнча алгачкы киришүү лекциясы өткөрүлгөн.
Соода министрлиги болсо, 2017-жылы ноябрдан баштап эле Падышачылыкта спорттун түрү катары йоганы окутууну жана практикалоону жактырган. Ал эми Йоганын Арабия фондусу курстарды, семинарларды жана конференцияларды уюштуруу менен атуулдар арасында жана коомчулукта йоганын ден соолук үчүн пайдасы тууралуу агартуу иштерин алып барууда.
Аль-Марваи Asharq Al-Awsat гезитине берген интервьюсунда йога Падышачылыкта психикалык жана дене саламаттыгы үчүн маанилүү болгондуктан жайылтыла турганын да айта кеткен.
Билим берүү министрлигинин жана Йоганын Араб фондусунун стратегиясын колдоо максатында шаршемби күнү өткөрүлгөн киришүү лекциясына билим берүү тармагынын бардык деңээлдеги мектептеринин директорлору жана дене тарбиясынын окутуучулары катышышты. Киришүү лекциясында ошондой эле мектеп окуучуларынын жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде катышуусун жогорулатуу, жаш саудиялыктардын саламаттыгын бекемдөө маселелери талкууланды.
Йога боюнча шайкештик уруксатнаамасын алган устат жана Ananda Yoga (Ананда Йога) студиясын негиздеген Халид Джама’ан Аль-Захрани Arab News гезитинде мындай деди: “Йогага терең киришкен сайын мен үчүн анын керемет артыкчылыктары улам ачыла берди, деген менен бул машыккандарды бейкапар жана сергек акыл-эске, дененин бекем саламаттыгына алып келүүчү жана адамды калыбына келтирүүчү толук кандуу спорт эмеспи”. “Биздин Падышачылыктагы мектеп системасы дайыма өзүнүн бардык ишмердигинде окуучулардын дене тарбиясы, ошондой эле академиялык багытта өнүгүшүнө багытталып келген, Саудия Арабстанынын билим берүү системасына йоганы киргизүүнү пайдалуу жана натыйжалуу кадам деп эсептеймин”.
Аль-Захрани мектептерге йоганын киргизилиши инвестиция болуп калат, себеби балдарга, алардын үй-бүлөсүнө жана коомго пайда берүүчү билим берүүдөгү реформаларга алып келет дейт.
“Биз элдин баары бүгүнкү күндөн алаксып, телефонунда, планшетинде, ар кайсы жабдууларда отурган технологиялык доордо жашап жатабыз, мунун өзү биздин кабылдоо абалыбызга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан биз жаштарды жана өзүбүздү да ички тереңдикке сүңгүү тууралуу ойлонууга үйрөтүп, тартип-эрежени калыптандыруу менен акыл-эсти керектүү нерсеге байытуу үчүн йога менен алек болушубуз керек”.
Аль-Марваи Йоганын Араб фондусунун максаттарын жана камтуу чөйрөлөрүн кеңейтүү жагынан көптөгөн пландар, мектептерде йоганы кеңири жайылтуу үчүн зарыл чаралар барлыгын айтат. Ал йоганы окуткан жана Билим берүү министрлигинен урутсатнаама алуудагы негизги ролду ойногон, ошондой эле йоганы спорттун түрү катары жайылтып жаткан алгачкы саудиялык аял болуп эсептелет.
Йоганын Араб фондусу (АФЙ) 2006-жылы алгачкы саудиялык шайкештик уруксатнаамасын алган йога устаты Аль-Марваи тарабынан негизделген жана түзүлгөн. Ал эми 2009-жылы Йога альянсы жана Эл аралык йога федерациясы тарабынан таанылган.
Йоганын Араб фондусу курстар, семинарлар жана конференциялар аркылуу атуулдар арасында ден соолук үчүн йоганын пайдасы тууралуу жайылтып, агартуу иштерин алып барат. Быйылкы жылдын башталышында Саудия Арабстанында миңден ашуун киши өлкөдөгү алгачкы йога фестивалына катышты. Ал король Абдалланын Экономикалык шаарындагы Жуман эс алуу багында өткөрүлдү.
Булак : https://arab.news/b5tch
Англисчеден которгон Эркинбек КАМАЛОВ.