Каржы маалыматтарынын дүйнөлүк провайдери болгон Bloomberg АКШ менен Кытайдын ортосунда жүрүп жаткан соода согушунан дүйнөнүн өлкөлөрүнүн тарткан зыянын анализдеп чыгып, эгер ал ушул темп менен кете берсе жана өлкөлөр өз ара соодага пошлина салышса, анда 2021-жылы дүйнөлүк экономика 600 миллиард доллар зыян тартарын жарыялады.
Ошол жылга карата АКШнын ички дүң продукциясы 0,5 пайызга, Кытайдын ички дүң продукциясы 0,8 пайызга зыян тартат. Аталган каржы провайдеринин эксперттери дүйнөлүк ички дүң продукция да болжол менен 0,5 пайыз көлөмүндө артка кетерин айтышууда.
Эң эле көйгөйлүүсү – пошлиналардын жогорулоосу гана эмес, фондулук рыноктун 10 пайыз ылдый кулашы болот. Бул болсо, согушуп жаткан тараптардын ички дүң продукциясынын дагы 0,1 пайыз төмөндөшүнө алып келет.
Бул эки каржы-экономикалык дөө-шаалардын айынан Тайвань, Түштүк Корея, Малайзия көбүрөөк жабыр тартышы болжолдонууда. Ал эми бул атаандаштардын ортосундагы соода конфликти Европага караганда Россияга да катуу сокку урса, Азия өлкөлөрүнө жана ЮАРга, Чилиге, Перуга жана Сауд Аравиясына андан бетер көбүрөөк зыян болот.
Соода согушунан технология чөйрөсү, энергетика жана металл өндүрүү тармактары күчтүү жабыркайт.
Эксперттердин айтымында, улуттук валюталардын девальвацияланышына да жол ачылат. Айрыкча кытайлык юань, тайланддык жана канадалык доллар көбүрөөк жабыркашы мүмкүн.
Эскерте кетсек, АКШ кезектеги жолу 10-майда кытай товарларына жалпы наркы 250 миллиард доллар турган 25 пайыздык пошлиналарды кийирди. Кытай тарап үч күндөн кийин эле наркы 60 миллиард доллар турган америкалык товарларга 5тен 25 пайызга чейин пошлина киргизген.
It is essential that you
Although it sounds easy enough, really learning mathematics, by means of these newspapers, is a complex process which needs a good deal
Lots of people consider essays to be a waste of time, because they do not www.odrportal.hu have a lot of usage and do not lead to anything worthwhile.
of consideration, study, and energy.
consider these things when you buy essays on the internet.