Кытай бийликтери АКШ бийликтери смартфондорду өндүрүүчү ири Huawei компаниясын кара тизмеге киргизип, америкалык компаниялар менен чогуу иштешүүгө тыюу салганы үчүн эми каршы чараларды көрүүгө даяр. Бул тууралуу кытайдын Global Times басылмасынын башкы редактору Ху Сицзинь өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.
Анын пикирине караганда, Кытай бийликтери американын администрациясы тарабынан Huawei жана башка ири компанияларды кара тизмеге кошуп, алардын өнөктөштөрү менен болгон алакаларына олуттуу зыян келтиргени үчүн эми жооп берген чараларды көрүшү толук ыктымал. Пекин болуп жаткан нерселерге жайбаракат карап тура албайт.
Деген менен, АКШнын президенти Дональд Трамп майдын ортосундагы өзүнүн жарлыгы менен кытайдын смартфон өндүрүүчү жаңы технологиялар менен иштеген ири Huawei корпорациясын кара тизмеге киргизип, аны кытайдын атайын кызматтары менен иштешип жатканына айыптаган. Ошондой эле америкалык компанияларга бул Huawei корпорациясы менен иштегенге тыюу салган. Натыйжада бир катар дүйнөлүк компаниялар, мисалы Google Huawei менен иштөөдөн баш тартышты.
Ал эми Huawei корпорациясынын АКШда бизнеси жайгаштарылбаган европалык өнөктөрү азырынча чогуу иштешип жатат.