Дүйнөдө бардык өлкөлөр өз энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу аракетинде. Анткени алдыда ар кандай жагымсыз күтүүлөр, кыйынчылыктар турганы жашыруун болбой калды. Бир жагынан климаттын өзгөрүшү менен келүүчү кыйынчылыктар, экинчи жагынан энергетикалык жетишпестиктер. Бул биздин Кыргызстан үчүн да абдан маанилүү. Ушу тапта суу электр энергетикасында жетишпестикти баарыбыз сезип жатабыз. Баякы эле Токтогулдагы суунун аздыгы, керектөөлөрдүн улам өсүшү, жаңы энергетикалык кубаттуулуктардын жоктугу. Ушундайда кичи энергетиканын дээрлик жоктугу, колго алынбай жатканы өкүнүчтүү. Деги эле кичи энергетика, анын бизге пайдасы, анын эмнеге өнүкпөй жатканы тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абаддагы илимий борборунун координатору ДОСБАЕВ Абдисатар Жолдошалиевичке бир катар суроолорду бердик.
-Абдисатар мырза, Кыргызстан энергетикалык бекем базасын түзүүсү канчалык зарыл экени жаш балага да белгилүү болуп калды окшойт. Муну тездетүү үчүн эмне кылуу зарыл деп ойлойсуз? Биринчи колго ала турган багыт кайсы?
-Энергетикалык коопсуздук – азыр эң башкы зарылдыкка айланды. Дегеле бүткүл адамзат тарыхында энергетика себеп болгон согуштар көп, азыр деле болуп жатат. Башкасын албайлы, мына кошуналар да аракетти катуулатышкан. Өзбекстан атомдук, күн электр станцияларын куруу далбасасында. Андан тышкары, суу электр станцияларын, көмүр менен иштеген станцияларды курууга аракетттенип жатат. Анткени өлкө өсүп-өнүгүшү керек, ал үчүн аябагандай көп энергия зарыл. Кайсы өлкөнү алба, баары эле ушуга аракет кылып жатпайбы. Бизде да аракеттер, умтулуштар бар, бирок отуз жылда майнап чыга элек. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу аракетинен жыйынтык чыкпай келет, Камбар-Ата-2 ГЭСи да толук кандуу кубатына кире элек. Шамал, күн, көмүр аркылуу энергия өндүрүү тууралуу айтылып келет, бирок реалдуу кадамдарды көрө элекпиз. Албетте, ири долбоорлор ири каражаттарды талап кылат, анын түйшүгү көп. Ошондуктан бизде тезинен кичи энергетиканы колго алуу зарылдыгы бар. Мисалы, өткөн жылдарда аймактарды өнүктүрөбүз деген ураан көтөрүлгөн, бирок аймактар энергетика болбосо өнүкпөй турганын түшүнбөй калдык окшойт. Эгер аймактарда кичи ГЭСтер курулса, иштеп турса, аймактар көп жагынан утмак.
-Мисалы, ошол кичи ГЭСтер рентабелдүү эмес, өндүрүлгөн токтун өздүк наркы жогору деп атышат го? Анан кичи ГЭСтер курулса, аймактар дагы эмнеден утушат? Конкреттүү айта аласызбы?
-Туура, кичи ГЭСтер ири ГЭСтерге окшоп өздүк наркы өтө төмөн болбошу мүмкүн. Бул жагынан талаш жок, бирок ийкемдүү менеджмент болсо, андагы өздүк нарк деле өтө жогору болбойт. Дагы бир нерсени эске алыш керек: жыл өткөн сайын ири ГЭСтердин өндүргөн тогунун өздүк наркы көтөрүлө берет, жабдуулар эскирет, жаңы конуштар пайда болот, аларды электрлештирүү жана башка көп чыгымдары келип чыгат. Азыр бизде электр тогуна бааны көтөрүү маселеси бышып жетилген. Ал ошол өздүк нарктын жогорулашынан, башка себеби жок. Ушундай тенденция менен алып караганда кичи ГЭСтер барган сайын актуалдуу боло берет. Биз кичи энергетика тууралуу кеп кылганда ушул жагын эске алышыбыз ылаазым. Билем, жакшы аракетти баштайын десең, ар кимиси ар кандай жагымсыз жүйөлөрдү айтып, жол тосушат. Бирок, өздөрү аттын тезегинчелик пайда келтиришпейт.
-Макул, эми тиги аймактар ала турган көп пайдалуу жактарын айтсаңыз…
-Ооба, аймактардын өнүгүшбүнө көп тараптуу пайда алып келет. Кичи ГЭС куруу үчүн тоодон түшө бериш жерлерде, ылдый жактарда да кичинекей плотина жасап, сууну тососуң. Ал жерде көлмө пайда болот. Бул жылына тоодон агып түшкөн суу сай-сайлап пайдасыз агып кетпей, аны топтоп калууга шарт түзүп жатабы? Бул бир. Экинчиден, ошол топтолгон суу ток чыгарып гана калбай, суу абдан керек болуп жаткан эгин талааларына жай бою пайдаланылса болот. Сууну сактоо жана аны ыктуу пайдалануу иши жүрөт. Анан, үчүнчүдөн, ошол суу көлмөнүн айланасына тийиштүү шарт түзүп, эс алуучу зона уюштурса болот. Жергиликтүү туризм деген нерсе бар эмеспи. Андан тышкары да пайданы көздөгөн ишкерлер дагы да көп нерседен утушу мүмкүн. Электр тогун алса, суу жыйнап, ыктуу пайдаланса, туризм өнүксө, башка да пайдалуу иштер жасалса, аймактар кантип өнүкпөйт? Азыр ушул айтканыбыздын бирөө да жок, отурабыз.
-Ушундай керемет нерсе экен, анда неге кичи энергетиканы өнүктүрбөй жатабыз? Ким жасашы керек?
-Ким жасашы керек? Мисалы, сен, мен, башкалар… Буга биринчи кезекте аймактагы жергиликтүү бийликтер абдан кызыкдар болуп, буту үзүлгөнчө чуркашы керек. Бирок, ким бирөөнүн энтигип чуркаганы деле сезилбейт. Бул эмнеге өнүкпөй жатканына биринчи себеп. Экинчи себеп, ким бирөө иш баштаса эле ондогон, жүздөгөн тоскоолдуктарга туш келет. Ээ, кел, сонун иш жасайт экенсиң, колдойбуз, жардам кылабыз деген бийлик да, башкасы да жок. Кыргызстанда канча жылдардан бери кичи ГЭС, Чакан ГЭС деп эле айтып келатышат, андан бир кичинекей болсо да жыйынтык, натыйжа чыга элек. Баякы эле бут тосмой, бюрократиялык желелер, коррупция жана башкалар буга мүмкүндүк бербей келет.
-Ошол тоскоолдуктарга конкреттүү мисалдар барбы? Же жөн эле баары түшүнүктүү дегиңиз келеби?
-Мен башыман өткөнү үчүн тоскоолдуктар бар деп жатам, болбосо айтпайт болчумун. Мына конкреттүү мисал: энергетика тармагындагы күйөрман адис катары 1999-жылдардан бери өлкөбүздүн суу-энергетикалык потенциалын үйрөнүп, иликтедим. Айрыкча кичи энергетика тармагынын өнүгүшүнө кызыгам, ар кандай долбоорлорду түзүүгө жана ишке ашырууга аракет кылып келдим. Ошентип, 2009-жылы Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы Көк-Тоңду айылына 10 мегаватт кубаттуулуктагы кичи суу электр станциясын куруунун долбоорун түзгөм. Бирок, ал ушул күнгө чейин ишке аша элек, анын толгон-токой себептери бар. Биринчи кезекте мамлекеттин жергиликтүү демилгелерди колго албагандыгы жана өнүгүү долбоорлорун колдобогондугу.
Ошентип, акыры жергиликтүү бийликтер менен аракетти баштадык, бирок кичи ГЭСти кай жерге куруу керектигин чечүүгө келгенде бизде көйгөй жаралды. Ал көйгөй накта эле бюрократиялык тоскоолдук, бут тосууга байланышты. Атап айтканда, кичи ГЭС курула турган жай Базар-Коргон районундагы Ачы токой чарбасынын аймагында экен. Биз токой чарбанын директоруна арыз жазып кайрылсак, ал арызды карап да койгон жок, качан гана райондук мамлекеттик администрацияга кайрылганыбызда арызды караганга жарады.
-Демек, жергиликтүү бийлик колдоптур да.
-Бирок, колдогону, караганы менен ал деле бюрократиялык бут тосууларсыз болбоду. Токой чарбанын аймагы боюнча мамлекеттик акты колунда турганына карабастан токой чарбанын директору маселени чечүү үчүн бизди “Кыргызгипрозем” институтунун Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына жөнөттү. А тигилер болсо, бизден 3 миң сом алып (чынында акчаны касса аркылуу төлөдүк), кичи ГЭС курула турган жай Ачы токой чарбасына караштуу экени тууралуу документ беришти. Эмне, токой чарба өзүнүн аймагын өзү тастыктай албайбы же билбейби? Анда эмнеге ага мамлекеттик акты берилген? Же бул токой чарбанын директорунун түркөйлүгүбү? Бул бизди аябай таң калтырбы.
-Ошону менен маселе чечилдиби анан?
-Жок, тилекке каршы, бюрократиялык чынжыр ошону менен бүтүп калбады. Кийин биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторингинин корутундусун алууга тийиш экенибизди билдик. Ал министрликтин кызматтарынин иши толтура экен, кичи ГЭС курула турган аймакта мониторинг жасоо иши бир жумага артка кетти. Мониторингдин корутундусу болбосо, токой чарба кичи ГЭС кура турган субъекттерге конкурс жарыялай албайт экен. Бирок, Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги Мамлекеттик токой фондун колдонуу жана пайдалануу жолдору туралуу №192 токтомунун №74 пунктунда кичи ГЭСти куруу үчүн жер берүү келишимдик негизде жүргүзүлөт деп жазылып турат. Буга кошумча быйыл, 2021-жылы 14-апрелде №146 токтом да чыкан. Бул токтомдун 74/3 пунктунда да жер келишимдин негизинде берилери ачык эле жазылып турат. Бул эмне деген башкатырма? Эмне деген бөйрөктөн шыйрак чыгаруу? Эмне деген бюрократия? Токой чарба эмне эле тоскоолдуктарды жасап жатканы түшүнүксүз.
-Райондун акими кийлигишсе болбойт беле? Дароо бүтө турган жолу кантип табылбады?
-Кептин баары ошондо да. Бул токой чарбасындагы бюрократия менен райондун акими, анын орун басары активдүү күрөштү. Мен сыяктуу карапайым адис эмес, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү жетекчилери да бюрократиялык тоскоолдуктарды жиреп өтүү үчүн күч жумшап, убара болушту. Эмне, аларга башка иш жок беле? Бирок, мамлекеттик система, башкаруу системасы, экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылгандарга колдоо көрсөтүү, шарт жаратуу, жол ачуу жагы ушундай абалда болсо, алардын башка кандай аргасы бар? Токой чарбанын директору өзүнчө хан экен, бирок мыйзамды, өкмөттүн токтомдорун жакшылап окуп албаса, элдин гана шору турбайбы.
-Азыр эми эмне болуп жатат? Иш азыраак болсо да алга жылып атабы же токтодубу?
-Азыр 192-токтомдун негизинде токой чарба конкурс жарыялап жатат, чакан ГЭС куруучулар барбы деп, ага да бир айдан өтүп кетти. Конкурс комиссиянын кароосу менен өтөт экен, бирок комиссия мүчөлөрүнүн топтолушу да азап экен. Алар топтолбосо, иш ордунан жылбайт. Ошентип бир айдан өтүп кетти. Эми кийинки отурум 22-сентябрда болот, эгер коммисия топтолсо, анда анын отуруму дагы кийинкиге калат. Ошентип убакыт өтүп атат, иш ордунан козголо элек. Мунун баары ошол 192-токтомдо ушундай тартип жазылып калганында, глобалдуу, маанилүү, актуалдуу, мамлекеттин кызыкчылыгындагы иштер, зарыл нерселер эске алынып жазылган эмес. Эми ал кабыл алынган соң, арга жок ага баш ийебиз, чала болсо да бар токтом менен менен иштейбиз.
-Эми бул жагы түшүнүктүү. Башка суроо бар: сиз сунуш кылып жаткан кичи ГЭС аймакка кандай пайда келтирерин жогоруда негизинен айтып кеттиңиз. Суу, сугат, туризм, кирешелер… Ал эми энергетикалык же башка жагынан дагы кандай пайдасы бар?
-Мунун энергетикалык, экологиялык, экономикалык, социалдык жактан пайдасы толтура. Аны тийиштүү адистер эсептеп, анализдеп чыгышса болот. Мен төмөнкү нерсеге гана көңүл бургум келет да. Мисалы, кичи ГЭСтин кубаттуулугу 1,5 мегаватт/саат болсо, ал бир жылда 13 миң 140 мегаватт/саат же 13 миллион 140 миң киловатт/саат энергия берет. Эгер 3 киловатт/сааттан энергия эсептелсе, 1,5 мегаватт/саат 500 үйгө жетет. Демек, тоо боорундагы же ылдый жактагы жашаган элге жеткиликтүү электр энергиясы берилет. Электр энергиясы болгон соң, демек, ал жерде ишкердик өнүгөт, кошумча социалдык шарттар түзүлөт. Жарандарыбыз жарыкта, социалдык ар кандай жакшы шарттарда жашап калат. Анан ишкердик да өнүгүп, элдин кирешеси артышы турган кеп. Социалдык жана экономикалык пайдасы көп болот.
-Сиз экологиялык жактан пайда болот дедиңиз. Кантип пайда болот? Тескерисинче, экология бузулбайбы?
-Эми ар бир долбоордун экологиялык камсыздоочу бөлүгү болот да. Бирок, экологиялык чоң утушка ээ болорубуз анык. Мисалы, биздеги тоодон түшүүчү суулардын айланасы дайыма токойлуу келет. Ал жерди жайлаган эл да энергетикалык муктаждыгын жыгач отун менен камсыздайт. Эгер 1,5 мегаватт/сааттык кичи ГЭС курулса, анда кандай болот? Мисалы, 1 килограмм жыгач отун 5 киловатт/сааттык энергияга барабар. Эми бир жылда алынган электр кубатын отунга айландырсак, 13 миллион 140 миң киловатт/саат ток 2 миллион 628 миң килограмм отунга туура келет. Башкача айтканда, 1 кубометр жыгач отун 700 килограммга туура келсе, жылдык жагылуучу отундун көлөмү 3 миң 754 кубометрге туура келет. Демек, ушунча жыгач отун жагылбай калат экен, демек, токойлорду, бактарды отунга кыюу азаят же токтойт. Бул экологиялык чоң утуш болобу? Же болбойбу?
-Экологиялык утуш болот экен, бул анык. Ошондо бир жылда канча дарак кыйылбай калат? Эсебиңиз барбы?
-Бул кыйын эмес, эсептеп көрсөк болот. Мисалы, 1 дарак 3 кубометр отун берет дейли. Демек, 3 миң 754 кубометр жыгач 1251 даракка туура келет. Жыл сайын ушунча дарак сакталып калат экен. Бул деген бир гана кичи ГЭСтин көрсөткүчү. Эгер өлкөдө ушундай 100 ГЭС курулса, анда жыл санап миллиондон ашык дарактар сакталып калат. Албетте, кичи ГЭСтердин экологиялык мааниси зор, алар экологиялык таза продукту берет, жашообузду жакшыртат, өнүгүүгө шарт түзөт. Ошондуктан биринчи кезекте ушул багытты колго алуу керек.
-Сиз кичи ГЭСтерде суу топтоо мүмкүндүгү тууралуу айттыңыз. Мунун сугат тармагына келүүчү пайдасын конкреттүүрөөк түшүндүрө аласызбы?
-Биз ойлогон кичи ГЭСтер тоо жактан ылдый агып келаткан сууларды плотина менен тосуп, суу көлмөдө сууну топтоп, анан аны электр тогун өндүрүүгө пайдаланууну көздөйт. Андан тышкары, топтолгон суу жыл сайын жөн эле эч кимге пайдасы тийбей агып кетип жаткан да. Эми аны топтоп, сугатка да пайдаланса болот, неге болбосун. Кичи ГЭСтерге курулган плотинанын артында 300 миңден 1 миллион кубометрге чейин суу топтолушу ыктымал. Эгер көлмөдө 500 кубометр суу топтолсо, эгер өлкөдө ушундай 100 кичи ГЭС курулса, анда жылына 50 миллион кубометр суу топтолмокчу. Бул аз эмес.
Анан калса, эки жылдан бери кургакчыл сезонду баштан өткөрүп келатабыз, айыл чарбасы кыйынчылыктарды тартууда. Дыйкандарыбыз көп кирешелерден кол жууду, кургакчылыктан улам азык-түлүктүн баасы да асмандады. Ушундай акыбал дагы эки жылга созулат деген божомол бар. Демек, суу тартыштыгы дагы далай кыйынчылыктарды алып келери анык. Ушундай шартта эмнеге биз тоодон агып түшкөн мүрөктөй сууларды топтоп, аларды натыйжалуу пайдалануу жагын ойлонбойбуз? Эмнеге аракет жасабай жатабыз? Бул, керек болсо, биринчи колго ала турган маанилүү иш. Ошондуктан, мен ушул ишти катуураак колго алуу керектигин, тоскоолдуктар көп экенин айтып, өлкө президентине атайын кайрылуумду жөнөттүм. Эми андан кандай жыйынтык чыгаарын көрө жатарбыз.
Суроо салган Жалил САПАРОВ,
Жалал-Абад шаары.