Быйылкы жарым жылдыкта Жалал-Абад областында бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны өткөн жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу көп болду. Тактап айтканда, өткөн жылдын биринчи жарымында бир жашка чейинки 172 бала набыт болсо, быйылкы жарым жылда анын саны 192ге жеткен же 111,6 пайызга өскөн. Төрөлгөн 1000 балага салыштырмалуу набыт болгон балдардын санынын коэфициенти өткөн жылдын биринчи жарымында 12,5 болсо, быйыл ал 14кө жетти. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.
Адистердин айтымында, мындай кырдаалдын себептери бар. Мисалы, акыркы үч айдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн талдоо балдар көбүрөөк тубаса кемтик менен төрөлүп жатышканын көрсөттү. Өткөн жылы 15 бала тубаса кемтик менен туулуп, чарчап калса, быйыл алардын саны 34кө жеткен. Бул өтө жогорку көрсөткүч, дешет адистер.
Алынган маалыматтарга караганда, бир жашка чейинки балдардын өлүмү шаар жерлеринде азайып, айыл жерлеринде көбөйгөн. Алсак, 2020-жылдын биринчи жарымында шаарларда набыт болгон бир жашка чейинки балдардын саны 77 болсо, быйыл ал 68 болду же өткөн жылдын көрсөткүчүнүн 88,3 пайызын түздү. Ал эми айыл жерлеринде 2020-жылдын биринчи жарымында набыт болгон бир жашка чейинки балдардын саны 95 болсо, быйылкы жылы ал 124кө же 130,5 пайызга өстү.
Областтагы Ала-Бука жана Аксыдан башка бардык райондордо балдардын өлүмү өсүп кеткен. Мисалы, Базар-Коргон районунда өткөн жылдын биринчи жарымында бир жашка чейинки 13 бала набыт болсо, быйыл ал 33кө жетип, 253,8 пайызга өсүп кеткен. Ноокен районунда өткөн жылдын биринчи жарымында 10 бала набыт болсо, быйыл 16га жетип, 160 пайыз өстү. Сузак районунда өткөн жылкы көрсөткүч 31 болсо, быйыл 35ке чыгып, дээрлик 113 пайызга жогорулаган.
Шаарлар арасынан бир гана Майлуу-Суу шаарында олүм көбөйгөн. Мисалы, өткөн жылдын биринчи жарымында өлгөн бир башка чейинки балдар саны 1 болсо, быйыл 2ге жетти. Ошол эле кезде Жалал-Абад шаарындагы балдар өлүмү азайганы менен жалпы областтык масштабда алганда өлүма саны жогору бойдон калууда. Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы 2020-жылдын биринчи жарымында өлгөн бир жашка чейинки балдар саны 63 эле. Быйылкы көрсөткүч 60 болуп, 95,2 пайызды түздү.
Бирок, жалпы саны 150 миңге жетпеген Жалал-Абад шаарындагы балдар өлүмүнүн саны жалпы областтагы өлгөн балдардын санынын дээрлик үчтөн бирин түзөт. Ошол эле кезде 300 миңге чукул калкы бар Сузак районунда өлгөн балдар саны Жалал-Абад шаарына салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз. Демек, областтын борборунда бул маселеде чечилбеген көйгөйлөр бар.