Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагындагы, өлкө боюнча “Сузак айланпасы” деп аталган жайда орун алган белгилүү аркада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Бул курулуш иштеринин буюртмачысы Ырыс айыл өкмөтү болгондуктан, ага тендер жарыяланып, аны “Табан” курулуш компаниясы утуп алган. Арканы оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү жумуштары Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунан каржыланууда. Аталган фонд тарабынан 13 миллион 215 миң 160 сомдук долбоорду колдоого ээ болуп, тендердик наркы 7миллион 894 миң 650 сом деп аныкталды. Эми курулуш компаниясы 4 айдын ичинде жумушту бүткөрүп, тапшырмай болду.
Учурда дарбазанын бордюрлары мрамор менен капталып, атуулдардын келип сүрөткө түшүүсүнө ылайыкташтырылат. Түнкү жарыктандыруу камсыз кылынып, жолдун ортосундагы сейилдеп басуучу тилкеге кыргыз орнаментин чагылдырган этностилдеги таштаман басылат. Август айынын аягында бүтүүсү пландалган бул курулуш иштерине кошумча өзгөртүүлөр да кириши ыктымал.
Эске сала кетсек, арканын жанындагы талаада этно-парк куруу долбоору да айтылып келет. Бирок, ал жертрансформация боло электигине байланыштуу азырынча каптиалдык оңдоо иштери гана жүрүүдө.