Салмагы 327 грамм болгон 33 даана гашиш баңгизаты менен Базар-Коргон районунун тургуну кармалды. Бул Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын опер кызматкерлери мыйзамсыз баңгизат каражаттарын сактоо, соод-сатык жүргүзүү менен алектенген жаран боюнча маалымат алышып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Быйылкы 11-май күнү жүргүзүлгѳн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Базар-Коргон районунун Сай-Коргон аймагында шектүү адам баңгизат менен кармалды.
Кармалган киши Базар-Коргон районунун тургуну, 1975-жылы туулган К.Ш. экени аныкталды. Аны текшерген учурда жанынан 33 даана тѳрт бурчтуу формадагы, ѳзгѳчѳ жыты бар, кара-күрѳң түстѳгү, жалпы салмагы 327 грамм болгон баңгизат (гашиш) табылган. Кылмышка шектүү киши буга чейин бир нече жолу соттолуп чыккандыгы да такталды.
Учурда бул факты боюнча материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылып, шектүү жаран Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.