Быйыл район аймагында жашылча өсүмдүктөрүнүн түшүмү жылдагыдан аз жыйналары болжолдонууда. Мындан кийинки жылдары да азайышы мүмкүн.
Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, быйыл жашылча эгүү 142 гектарга азайган. Анын ордуна пахта аянттары 669 гектарга көп болду. Областта Ноокен районунун дыйкнадары жашылчачылык жагынан алдыга эч кимди салбаганы менен чек ара ачылгандан бери Өзбекстандан келген жашылчалар баарларды каптап кетти.
Ноокен районунун акими Эркинбек Мамтаевдин айтымында, бул көйгөй быйылкы жыл менен эле чектелип калбайт. Жашылча-жемиштер келерки жылы да мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз өндүрүлүшү болжолдонууда. Ошондой эле аким быйыл айыл чарба тармагында паха аянттары кеңейгенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, жашылча өстүрүү Ноокен районунун “Достук”, “Бүргөндү” айыл аймактарында мурдатан эле басымдуу болчу. Ал эми быйылкы 16-майга карата эки айыл аймакта биригип 1 миң 263 гектар жашылча эгилсе, 1 миң 112 гектар аянтты пахта ээледи. Ал эми пахта өстүрүү “Сакалды” айыл аймагында көүрөөк, . ал жакта 2 миң 485 гектар жерге пахта эгилип бүттү.