Түштүк Кореянын Hyundai компаниясы Өзбекстандын “Кокон” эркин экономикалык аймагында электромобиль өндүрүшүн жолго коюуну пландап жатат. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Жакында эле өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев Фергана областына келгенде ага Кокондо жүз бере турган бул ири долбоор тууралуу кеп салышты. Өлкө башчысы мындай демилгени колдой турганын айтып, долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүнө жана иштин сапатына көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгилеген.
Эске сала кетсек, Түштүк Кореянын аталган компаниясынын өкүлдөрү Өзбекстандын Наманган областында да кубаттуулугу жылына 3 миң даана жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чыгаруучу заводду куруу планы тууралуу айтышкан болчу. Бул заводдо 1 тоннадан 50 тоннага чейинки жүк ташуучу унааларды, эл аралык каттамдагы жана туристтерди тейлөөчү автобустарды, ошондой эле атайын унаа каражаттарын чыгаруу көздө тутулган.
Түштүк Кореянын компаниясынын өкүлдөрү билдиргендей, биринчи этапта заводдон күнүнө 8-20, жылына 1000 автоунаа чыгарылат. Үч жылдын ичинде бул көрсөткүч жылына 3 миңге чейин жетип, анын 2 миңи жүк ташуучу унаалар болсо, 1 миңи автобустар болот. Эгер иштин башталышында керектелүүчү тетиктер Кореядан алынып келинсе, үч жыл ичинде аларды жеринде эле чыгаруу колго алынат.