Өзбекстан коомдук унаа паркын байытуу максатында 19,9 миллион доллардык нарктагы автобустардын ири партиясын сатып алды. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат сайты билдирди.
Жаңы автобустарды сатып алуунун негизги максаттарынын бири болуп чет жактагы иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылуу эсептелди. Анткени акыркы кездерде эмгек мигранттары каттаган унаалардын жол кырсыктарына көп дуушар болушу кыйла адамдын өмүрүн алып кетти. Муну болтурбоо жана алдын алуу максатында бийликтер ушундай кадамга барышты.
Автобустарды сатып алуу Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук банкы менен келишим түзүлгөн. Ал эми карызга алынган каражаттар адистештирилген Uzautotrans Service компаниясына автобустарды сатып алууга берилет. Ал эми аталган компания 2023-жылга чейин ар кандай салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Автоунаа компаниясы жылына 818 миңден ашуун жүргүнчү ташыйт жана 30 багыттагы каттамдарды ишке ашырат деп болжолдонууда.