www.versia.kg
Четверг, Июнь 12, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

РОССИЯ: МУСУЛМАНДАР КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН АЗ ООРУШАТ  

30.04.2019
0 0
0
SHARES
134
Просмотры
Бөлүшүү

Россия Федерациясында кант диабетинен жабыр тартып жаткандардын төрттөн бир бөлүгү өз оорусу тууралуу билишпейт. Деген менен, бул көрсөткүч АКШдагы жана Кытайдагы көрсөткүчкө караганда кыйла жакшы. Ошондой эле мусулмандар бул ооруга азыраак чалдыгышат. Бул тууралуу россиялык сайттар жазып чыгышты.

Башкырстандын баш калаасы Уфадагы көз оорулары боюнча илимий-изилдөө институту республикадагы абалды иликтеп чыгып, кант диабети менен ооругандардын 27 пайызы өз оорусу тууралуу билишпегенин, 40 пайызы врачка көрүнүп, дарыланбаганын аныкташты. Ошондой эле ооруга чалдыккандар негизинен семирип кеткендер жана шаарда жашагандар болуп чыгышты. Андан сырткары, мусулмандар арасында мындай диагноз аз кездешери белгилүү болду. Окумуштуулар Уфа шаарындагы жана анын айланасындагы аймактардан жашы 40тан өткөн 5899 кишини изилдеп ушундай жыйынтыктарга келишкен.

Изилдөө учурунда орус улутундагылар арасында бул ооруга чалдыгуу саны көбүрөөк болуп, калган этностордо азыраак кездешери белгилүү болгон. Ал эми диабеттен жабыр тартпагандар арасындагы 71,7 пайызы жана ооруга чалдыккандардын 55,3 пайызы мусулмандар болуп чыгышты. Андан сырткары, изилденгендердин 72,8 пайызы ооруганын билсе, алардын ичинен 59,1 пайызы гана дарыланууга аракет кылышкан.

Эскерте кетсек, өнүккөн өлкөрлөрдүн калкынын 15 пайызынан ашыгы диабеттен жабыр тартышат. Жашоо деңгээли канчалык жакшырган сайын ооруга чалдыгуу саны да көп байкалып барат. Ал эми кант диабетинин мындай тез таркап жатышынын себептери анык эмес, ошондой эле дарылоонун универсалдуу бирдей ыкмасы да жок.

 

Мурдагы пост

ӨЗБЕКСТАН 20 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА АВТОБУС САТЫП АЛДЫ  

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨЗБЕКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР КӨБӨЙӨТ  

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨЗБЕКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР КӨБӨЙӨТ   

ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨЗБЕКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР КӨБӨЙӨТ  

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In