Өзбекстандын өкмөтү 50 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар ишканаларга өз сайттарын түзүүнү жана каржылык маалыматтарды ачыкка чыгарууну милдеттендирди. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Өкмөт кабыл алган “Мамлекеттик унитардык ишканаларда жана мамлекет катышкан чарбалык жамааттарда маалыматты ачыктоо системасын жакшыртуу жөнүндө” токтомуна ылайык, эми мындай ишканалар министрликтердин жана менчик укугун алып жүрүүчү ведомстволордун (түзүүчүлөрдүн, акционерлердин, катышуучулардын) веб-сайттарында негизги маалыматтарды жана каржы-чарбалык көрсөткүчтөрдү ачыктап туруусу зарыл. Анда уставдык капиталдын жана мамлекеттик үлүштүн өлчөмү, бухгалтердик баланс, квартал жана жылдык каржы жыйынтыктары, өндүрүштүк көрсөткүчтөр, жумушчу орундарынын саны, башкаруу жана көзөмөл органдарынын курамы так көрсөтүлүүгү тийиш.
Эң башкысы, 2021-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик үлүшү бар бардык ишканаларда расмий веб-сайт иштөөсү керек. Веб-сайттарда кварталдын жана жылдын жыйынтыгы менен экономикалык, каржылык жана башка статистикалык маалыматтар, ошону менен катар стратегиялык максаттардын аткарылышы тууралуу маалыматтар берилип турат.
Веб-сайттарга болгон талаптар тийиштүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан иштелип чыккан жоболорго ылайык аныкталат.