Пандемиянын айынан быйылкы жылдын аягына чейин өтө жакыр жашаган кишилер саны болжол менен 115 миллионго көбөйөт. Бир нече он жылдыктар аралыгында жакырлардын санынын мындай бат өсүп кетиши байкала элек болчу. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гуттериш 17-октябрда белгиленүүчү Жакырчылыкты жоюунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасады.
Анын айтымында, эң жакыр жашаган элдин саны көбөйүүсү менен пандеммия учурунда алардын сапаттуу медициналык жардам алуусуна да шарттар жок. Ар кандай чектөөлөр учурунда аялдар арасында жумуш ордун жоготуулар көп болуп, алардын социалдык колдоого муктаждыгы өсөт. Ал эми ар кайсы өлкөлөрдө экономикалык кыйынчылыктардан улам социалдык төмөндөөлөр улантыла бериши ыктымал.
А. Гуттериш мындай учурда өлкөлөр чогуу аракет жасоо менен жакырчылыктан чыгып кетүү жолун издөөлөрү керек деп эсептейт. Ошондуктан да бардык өлкөлөр кыйынчылыкта калган экономиканы калыбына келтирүү, экологиялык коопсуз жана туруктуу технологияны колдонуу менен калктын жашоо шартын жакшыртуу зарылдыгы турат. Айрыкча бейформал сектордогу калкты социалдык колдоонун жаңы програмаларын иштеп чыгып, аны ишке ашыруу абзел.
Алынган маалыматтарга караганда, сырткы жардамдарсыз 2030-жылга карата планетанын калкынын 6,5 пайызы өтө жакыр жашаары күтүлөт.
Булак: news.un.org