Байланыштар улам күчөп барат
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 18-мартында түзүлгөн жана 1992-жылы Индияда Кыргыз Республикасынын Элчилиги ачылган. Ал эми Индиянын Кыргызстандагы Элчилиги 1993-жылы ачылып, Кыргызстан менен Индия бүгүнкү күндө өз ара достук мамиле менен гана чектелбей, стратегиялык өнөктөштөргө айланды. Өз ара кызматташтык байланыштар андан ары күчөп, 2019-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосунда эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жөнүндө декларацияга кол коюлган.
Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери саясий өз ара ишеним тынымсыз чыңдалып, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу ар тараптуу өнүгүп келе жатат. Ошондой эле аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы өз ара аракеттенүү да тереңдетүлүүдө. Албетте, мындай активдүү байланыштардын жана өнөктөштүк кызматташуулардын улам барган сайын чыңдалып жатышына бир катар себептер бар.
Биринчиден, Индиянын секуляризмге туруктуу умтулуусу Кыргызстандын диний фундаментализмине каршы позициясына шайкеш келип, эки элдин ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.
Экинчиден, бул байланыштардан Индия экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн потенциалын көрүп турат, айрыкча женил өнөр жай жана ишкердик сыяктуу тармактарда. Кыргызстандын суу ресурстарынын көптүгүн эске алуу менен Индия сууэлектр тармагына инвестициялык келечекти көздөйт.
Үчүнчүдөн, Кыргызстандын стратегиялык географиялык абалы Индияны Европа жана башка Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштырган келечектеги транспорттук коридорлорго жол ачып, аймактык байланыштын жана сооданын келечегин бекемдегенге шарт түзүлөт. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси менен 2022-жылдын 27-январында биринчи жолу Индия-Борбор Азия Саммити (ICAS) виртуалдык режимде өткөрүлдү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери, анын ичинде Кыргыз Республикаасынын Президенти Садыр Жапаров да катышкан. Саммитте өз ара кызматташтык жана байланыштар багытындагы маанилүү Декларация кабыл алынды.
Коопсуздукту камсыздоо – жалпы кызыкчылык
2022-жылдын 24-августунда Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУга (Шанхай Кызматташтык Уюму) мүчө болгон мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынынын алкагында Индиянын коргоо министри Ражнат Сингх Кыргыз Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Ал эми Кыргызстандын коргоо министри Б. Бекболотов 2023-жылдын 28-апрелинде Нью-Дели шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышкан. Ал ошондой эле Нью-Делиде бул жолугушуунун алкагында Ражнат Сингх менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Индия менен Кыргызстан терроризмге каршы күрөшүү, радикалдашуу менен күрөшүү жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча кызматташууну бекемдөөгө умтулууларын ырасташты.
Эки тараптуу коопсуздук байланыштарын арттыруу боюнча мындай маанилүү чечим Бишкекте өткөн коопсуздук боюнча экинчи диалогдун жүрүшүндө кабыл алынды. Ошол эле жылдын 17-18-июлдагы болуп өткөн эки күндүк диалогго Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Викрам Мисри жетектеп келсе, Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов катышты. Коопсуздук диалогунун жүрүшүндө талкуулар эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча өз ара тынчсызданууларды чечүү, ошондой эле эки өлкө туш болгон жалпы коркунучтарды жана чакырыктарды аныктоо жана чечүүгө багытталган.
Ушул эле жылдын 22-январынан 3-февралына чейин Индиянын Химачал-Прадеш штатынын Баклох шаарындагы Атайын күчтөрдү даярдоо окуу жайында Индия-Кыргызстан биргелешкен атайын күчтөрүнүн 11-жолку “КАНЖАР” машыгуусу ишке ашырылган. Бул эки өлкөдө тең альтернативалуу түрдө жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара. Анда 20 адамдан турган Индия армиясынын контингентинин парашюттук полкунун (атайын күчтөрдүн) аскерлери жана 20 адамдан турган Кыргызстандын контингентинин «Скорпион» бригадасы өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Машыгуунун максаты Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын VII бөлүгүнө ылайык, террорчулукка каршы күрөшүү жана атайын күчтөрдүн курулган аймакта жана тоолуу рельефтеги операциялары боюнча мыкты тажрыйба алмашуу эле. Машыгууда атайын күчтөрдүн көндүмдөрүн, күчтөрдү кооптуу аймакка киргизүүнүн жана чыгаруунун алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүүгө басым жасалды. Машыгуу эки тарапка тең эл аралык терроризм жана экстремизм боюнча жалпы көйгөйлөрдү чечүү менен бирге коргонуу байланыштарын чыңдоого мүмкүнчүлүк түздү. Машыгуу ошондой эле жалпы коопсуздук максаттарына жетүү жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо менен бирге заманбап жергиликтүү коргонуу жабдууларынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 2022-жылдын 6-декабрында Нью-Дели шаарында өткөн Индия-Борбор Азия улуттук коопсуздук кеңешчилеринин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышкан. Жолугушууга Индиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери/катчылары катышышты. Түркмөнстан мамлекети үчүн Нью-Делидеги Түркмөн элчиси өкүлдүк кылды. Иманкулов Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Аджит Довал менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, жолугушуунун аягында Биргелешкен коммюнике жарыяланды.
Соода жана экономикадагы кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, соода-экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жыл сайын өтүүчү Эл аралык кайрымдуулук базары, «Дасткар» эл аралык азык-түлүк жармаңкеси сыяктуу ири соода жана туристтик көргөзмөлөрдө үзгүлтүксүз сунушталып келет. Өз продукцияларын Индиянын рыногуна сунуштоо максатында Кыргызстандын элчилиги тарабынан 2016-жылдын ноябрында кыргыз балынын жана жаңгагынын фестивалы, 2017-жылдын мартында Нью-Дели шаарында кыргыз ашканасынын жумалыгы өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн жана Эл аралык Нооруз майрамын майрамдоо алкагында үзгүлтүксүз негизде презентациялар жана ата-мекендик продукцияларга дегустация уюштурулуп турат.
Ата-мекендик айыл чарба продукцияларын Индия рыногуна экспорттоо маселесин сунуштоодо Элчиликтин ишмердигинин зор натыйжасы катары өлкөнүн экономикалык иш чараларына үзгүлтүксүз катышуу жолу менен төмөнкүлөргө жетишкендигин атоого болот:
-Кыргыз жаңгагын экспорттоо үчүн Индия өкмөтүнөн уруксат алуу (2017-жылдын 27-июнунда кыргыз жаңгагын Индияга ташып келүү маселеси жактырылган жана фитосанитардык процедураны аяктоо жана кыргыз жаңгагын Индияга жеткирүү мүмкүндүгүн баштоо жөнүндө атайын Notification документи басылып чыккан).
-Кыргыз балын жана кыргыз жаңгагын өндүрүү, таңгактоо жана Индия рыногунда сатуу боюнча «Арсланбоб» биргелешкен кыргыз-индия ишканасын түзүү.
-«Арсланбоб» продукциясын Индиядагы эң ири Amazon он-лайн дүкөнүнө жана Индиянын Modern Bazaar азык-түлүк дүкөндөр тармагына чыгаруу.
-Индиялык кооперативдик уюмдар менен позитивдүү жана натыйжалуу мамилелер жөнгө салынды, анын ичинде армия жана өлкөнүн куралдуу күчтөрү үчүн азык-түлүктөрдү сатып алуу менен алектенген, эң маанилүү жана негизги орган болуп саналган Индия өкмөтүнө караштуу NAFED улуттук айыл чарба кооперативдик маркетинги боюнча Индия федерациясы бар.
-2018-жылдын февралында Кыргызстан кооперативдик союзу менен NAFED ортосунда Биргелешип аракеттенүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган.
-Азия-Тынч океан регионундагы кооперативдердин эл аралык ассоциациясы менен бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде “Борбордук Азияда кооперативдерди өнүктүрүү” форуму (2017-жылдын июнь айы), Кооперативдер боюнча эл аралык конференция-тренинги (2017-жылдын октябры) бар.
-2018-жылдын сентябрында Кыргызстанда кооперативдерди өнүктүрүү боюнча Экинчи Форум болуп өттү, бул форумга катышкан Индиялыктардын тизмеси бир кыйла кеңейген.
Дал ушул соода-экономикалык кызматташтыкты бардык деңгээлде илгерилетүүнүн натыйжасында Кыргызстандын энергетика, туризм секторлору, кинематография, текстиль тармактары индиялыктардын кызыгуусун арттырууда.
Туризм багыты активдүү өнүгүүдө, бизнес топтордун визиттери көбөйүп жатат, ошондой эле КР менен Индия ортосунда товар жүгүртүү динамикасынын оң жакка өсүшү байкалууда.
КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2016-жылы Индия менен болгон товар жүгүртүү 25 млиллион долларды түзгөн, ал эми 2017-жылы – 32,3 миллион АКШ долларын түздү.
Кыргыз статистикасынын маалыматтары боюнча, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 22,3 миллион долларды түздү жана 2017-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 3,4 пайызга көбөйдү, экспорт 2,9 миллион АКШ долларын, ал эми импорт 19,4 миллион АКШ долларын түзгөн.
Индиядан алынып келген импорттун негизги үлүшүн химиялык өнөр-жай продукциялары: фармацевтикалык продукциялар, парфюмердик-косметикалык продукциялар ээлейт.
Ошондой эле Кыргызстан рыногунда машина куруу продукциялары; жеңил өнөр жай продукциялары; текстиль жана бут кийим; азык-түлүк товарлары: чай, кофе, ар кандай татымалдар, күрүч кеңири сатылууда.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Индияга экспорт анча көп эмес көлөмдөгү авиакеросинден, эт жана балык продукцияларынан, ийленген териден, анын ичинде коргоо өнөр жай продукцияларынан турат. Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кенейтүүгө олуттуу салымын кошкон Индиянын Джайпур, Мумбай, Ахмедабад, Калькутта, Хайдерабад шаарлары менен да байланыштар өнүгүүдө.
Эркинбек КАМАЛОВ.