Жаңы партия, жаңы лидер
Америка Кошмо Штаттарында ушул өткөн жай айларында саясий жактан өзгөчө окуя орун алды десек жанылышпайбыз. Бул жанылык — Forward (“Алга”) партиясынын түптөлүшү. АКШда расмий түрдө 420 саясий партия катталган. Албетте, бизге белгилүү эки партия — Демократиялык жана Республикалык партиялары бар, дал ушул партиялардан президенттер, конгрессмендер жана сенат өкүлдөрү шайланып, Америка элине кызмат кылып келе жатышат.
Жаңы пайда болгон “Алга” партиясынын башка партиялардан өзгөчөлүгү эмнеде? Бул партиянын өзгөчөлүгү партиянын лидерлери анын идеологиясы жана урааны боюнча алып караганда өзүн үчүнчү жаңы саясий күч катары эсептегенинде. Мисалы, бул партиянын урааны “Оң тарапты да, сол тарапты да карабайбыз, биз Алга жылабыз” деп айтылат да, ал “Биз Демократиялык партиянын да, Республикалык партиянын да кызыкчылыгын колдобойбуз, биз алга жылып, бардык америкалыктардын кызыкчылыгын алдыга коёбуз жана бул мезгилдин талабы” деген маанини берет. Эң кызыгы, бул партиянын негиздөөчү мүчөлөрүнүн катарында мурунку республикачылар да, демократтар да бар.
Биринчи кезекте бул партиянын түптөлүшүнүн башында бизнесмен, партиянын тең-төрагасы Эндрю Янг турарын эстен чыгарбашыбыз керек. Себеби, теги азиялык болгон Янг мырза 2020-жылдагы Демократиялык партиянын президенттик праймеризине (партиянын ичинде өтүүчү шайлоо) жана 2021-жылы Нью-Йорк шаарынын мэрин шайлоого Демократиялык партиядан катышкан талапкер катары белгилүү. Анын американын ички саясатында орду бар десек болот. Деген менен, кийинки кездерде АКШнын өкмөтү тарабынан эле эмес, коомчулукта жана демократиясы өнүккөн башка коомдордо да азчылыктарды колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Мисалы, азыркы вице-президент Камала Харрис айымдын дагы ата теги Ямайка жана Индиядан келгендер. Ушул сыяктуу эле Янг мырза Азия азчылыгынан болгондуктан, анын да шайлоолордо колдоочулары аз эмес. Жада калса консерватордук идеялар басымдуулук кылган Республикалык партия дагы шайлоолордо көп добуш топтоо максатында өзүнүн катарына башка азчылыктарды камтууда.
Ноябрдагы шайлоодо партиянын таасири кандай болот?
Ушул жылдын 8-ноябрында, АКШда (Mid-term) орто мөөнөттүү шайлоолорду өткөрүү пландаштырылган. Америка Кошмо Штаттарындагы орто мөөнөттүү шайлоолор — ноябрдын биринчи жумасында президенттин төрт жылдык ыйгарым укуктарынын ортосуна жакын убакытта өткөрүлүүчү жалпы шайлоолор болуп эсептелет. Аралык мөөнөттө шайлана турган федералдык кеңселерге Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасындагы бардык 435 орун жана Америка Кошмо Штаттарынын Сенатындагы 100 орундун 34ү кирет.
АКШнын 50 штатынын 34ү орто мөөнөттүү шайлоолордо өз губернаторлорун төрт жылдык мөөнөткө шайлашат. Ошентип орто мөөнөттүү шайлоодо 36 губернатор (2 штатта башка мөөнөттө) шайланат. Көптөгөн штаттар ошондой эле орто мөөнөттүү жылдарда штаттын мыйзам чыгаруу органдарына кызматкерлерди шайлашат.
Тарыхый жактан карап көрсөк, орто мөөнөттүү шайлоолорго президенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулар аз катышат. Акыркы 60 жылда АКШда жалпы эле шайлоолорго шайлоочулардын жалпы санынын 50-60 пайызга жакыны катышканы менен, орто мөөнөттүү шайлоодо добуш берүү укугу бар Америкалыктардын 40 пайызга жакыны гана шайлоого катышкан. Ошондой эле, тарыхый жактан алганда орто мөөнөттүү шайлоолордо президенттин партиясы Конгресстеги орундарынан ажырайт да, президентке каршы турган партиядагы оппоненттер Конгресстин бир же эки палатасын көзөмөлгө алган учурлар көп кездешет.
Демократиялык партиянын добуштары бөлүнүп калышы мүмкүн
Жогоруда айтылгандай, Эндрю Янг мырза өткөнкү шайлоолордо демократиялык партиянын атынан чыгып, элге таанылган жана бул жаңы партиянын баалуулуктары жана идеалдары Демократиялык партияга жакын. Ошол себептен Демократиялык партияга добуш берип жүргөн бир топ жарандар ноябрдагы шайлоолордо “Алга” жаңы партиясына добушун берип жибериши толук ыктымал.
Техас университетинин профессору Жозеф Страубэрдин ою боюнча, 2000-жылы болуп өткөн АКШнын президенттик шайлоосунда Республикалык партиянын талапкери Жорж Буштун жеңишке жетишинин бир себеби “Жашылдар” партиясынын талапкеринин шайлоого катышуусу менен Демократтардын добушунун азайып кетүүсү болгон. Ал эми жарандык активист Марша Вейнерман айымдын ою боюнча, эгерде бул жаңы партия Демократтардын добуштарынын бөлүнүп кетүүсүнө алып келсе (республикачылардан добушуна терс таасирин берери күмөн дейт), анда бул шайлоо Дональд Трампка же ошого окшош көз караштагы талапкердин келүүсүнө жол ачышы мүмкүн дейт. Мындай абал демократиялык топтордун же партиялардын добуштарынын бөлүнүп кетүүсүнүн натыйжасында кээ бир күтүүсүз топтордун кызыкчылыгын коргогон талапкерлердин келип калуу мисалдарын АКШдан сырткары да, башка мамлекеттерден тапса болот. Мисалы, Түштүк Кореяда 1987-жылы болуп өткөн президентик шайлоолордо эки башка күчтүү саясий оппозициялык партиялардын талапкерлеринин атаандашуусунунан улам анча деле белгилүү эмес, бирок бийлик тараптагы партиянын өкүлү Ро Дэ У аттуу талапкер жеңишке жеткен.
Мындай кырдаал жаралса, Кыргызстанга кандай таасир берет?
Эгерде жогорудагыдай кырдаалдын Кыргызстанга болжолдуу таасирин билгиңиз келсе, Трамп мезгилинде АКШнын мигранттарга болгон чектөө саясатын элететсеңиз – ошондо даана түшүнө аласыз. Республикалык талапкер болгон Трамптын президенттик кызматка келиши менен АКШнынын миграция саясатында катаал чектөөлөр киргизилген болчу. Алардын негизгилери — бир нече мамлекеттерден АКШга мигранттардын келишин чектөө, АКШга миграциялык виза алууга чектөөлөр жана алардын татаалдашуусу, АКШ — Мексика чек арасын дубал менен тосуу демилгелери. Жогорудагы чектөөлөр ошол мезгилде Кыргызстанга да таасирин тийгизе баштаган, себеби бизди Танзания, Мьянма, Эритрея, Судан жана Нигерия өлкөлөрүнүн катарына кошуп, миграциялык виза берүүнү чектеген болчу. Албетте, Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден АКШнын президенти болуп шайланышы менен Трамптын администрациясынын ал буйругу жокко чыгарылган.
Азыр кыргызстандыктар АКШга баруу үчүн визанын бардык түрүнө тапшыра алышат. Негизи эле АКШ мигранттардын өлкөсү десек болот, себеби АКШга жыл сайын дүйнө жүзүнөн миңдеген мигранттар мыйзамдуу да, мыйзамсыз да кирип, иштеп, жашап келет. Ал эми кыргызстандыктардын көпчүлүгү башкалардай эле АКШга кирип, жашап калышы үчүн АКШнын Мексика менен болгон чек арасына жакын жерде бир нече айлап кезек күтүп, тобокелге барышып, анан кирүүгө уруксат алышат. Ошондуктан, миграцияны ачык колдогон жана мигранттардын иштөөсүнө жакшы шарт түзгөн партиянын бийлике келиши Кыргызстандыктар үчүн пайдалуурак болот.
Эркинбек КАМАЛОВ,
Бишкек шаары.