Бакалейлик товарларды өндүрүүчүлөрдүн америкалык ассоциациясынын баамында, азык-түлүк продуктылар жаатындагы алдамчылыктын дүйнөдөгү жылдык жалпы көлөмү 10-15 миллиард долларга жетет. Башкача айтканда, ар кандай шектүү заттардан жасалган адамга зыяндуу азык-түлүктөрдү жасап сатуулар жыл сайын көбөйүп жатат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тынчсыздануу менен билдирген.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) өлкөлөргө пластиктен жасалган күрүчкө, иштетилген майлардан жасалган өсүмдүк майына, ичине майда таш толтурулган жаңгактарга, бор кошулуп жасалган сүткө – шектүү заттардан жасалган ар кандай жасалма азык-түлүктөргө каршы күрөшүүдө жардам берүүнү чечти. Анткени мындай азык-түлүк алдамчылыгы азыр дүйнөлүк масштабга өсүп жетти жана анын жылдык көлөмү 10-15 миллиард долларга жетүүдө. Демек, дүйнө боюнча алганда бардык сатылган азык-түлүктүн 10 пайызы шектүү, жасалма азыктар эсептелет. Бирок, ал алдамчылыкты кантип билсе болот?
МАГАТЭ менен ФАО биргелешип атайын портативдик жабдыктарды иштеп чыгышты. Алардын жардамы менен шектүү, жасалма азыктарды дароо билип алса болот. Чек ара кызматтында баңгизаттарды аныктоо үчүн колдонулуучу иондук спектр өлчөгүчтү, өзөктүк технологияны эми азыктардагы шектүү кошулмаларды, булганычтарды жана көгөрүп, бузулуп кетишин аныктоого да иштетсе болот деп эсептешүүдө.
Азыр бул долбоордун үстүндө дүйнөнүн 13 өлкөсүнүн, анын ичинде Россиянын, АКШнын, Улуубританиянын, Швециянын, Уганданын, Индиянын, Австриянын башка да өлкөлөрдүн окумуштуулары иштеп жатышат.