Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башчысынын айтымында, дүйнө боюнча өндүрүлүп алынган азык-түлүктүн үчтөн бири, жер-жемиштердин жана жашылчалардын жарымы, эт азыктарынын чейреги таштандыга ташталат. Анын жалпы баасы 1 триллион доллар! Дүкөндөн бизге керектүү керектүү болгондон ашыкча тамак-аш сатып алабыз, айрыкча майрам күндөрү ысырапкерчилик аябай көп болот. Ошол эле кезде дүйнө боюнча 3 миллиарддан ашуун адам курсагы тоёр тамакка жетпейт же жокчулуктан улам зарыл рационду сактай албайт. Бул тууралуу news.un.org жазып чыкты.
Мындай жагымсыз кырдаалды өзгөртүү үчүн планетанын ар бир тургуну өзүнүн салымын кошо алат. Аны үчүн маалымдуулук болууга тийиш. Өткөн жылы БУУда биринчи жолу Азык-түлүк калдыктарынын жоготуулары жана тамак-аш калдыктары жөнүндө маалымат таратуу күнү белгиленген. Ал таажы вирусуна байланышкан пандемияга туш келди жана көпчүлүк кишилерди бул көйгөй тууралуу ойлонууга мажбур кылды. Чынында эле өндүрүү жана керектөө жаатында дүйнө боюнча кескин өзгөрүү зарылдыгы турарлыгын көрсөттү.
Деген менен, дүйнөдөгү бардык өндүрүлгөн азык-түлүктүн үчтөн бири өндүрүү процессинде же кийин жок болот, калдык катары таштандыга кетет. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө азык-түлүктүн 40 пайызы түшүм жыйнап же кайра иштетип жаткан убакта жоголот, аны азык-түлүк жоготуулары дешет. Өнүккөн өлкөлөрдө болсо, азык-түлүктүн 40 пайызы керектөө же чекене сатуу убагында жоголот, дүкөндөрдө сатылбай, үйдө жана ресторан-кафелерде желбей калган тамак-аштын өлчөмү көп. Аны тамак-аш калдыктары дешет.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш мындай ысырапкерчиликти моралдык, адеп-ахлактык жактан өтө жагымсыз көрүнүш катары баалады. Эми бул маселе ушул жылы өтүүчү азык-түлүк саммитинде талкууланып, азык-түлүк жоготуулары жана тамак-аш калдыктары боюнча көйгөйгө олуттуу маани бериле турганын айтат. Ал эми БУУ планетанын тургундарын сапаттуу азыктарды колдонууга, зарыл гана продуктыларды сатып алууга, продуктыларды туура сактоого, туура тандоого, ашып калган тамак-ашты кийин да пайдаланууга чакырат.