Жалал-Абад областынын борборунда канча убактардан бери көйгөй болуп, бирок чечилбей келаткан чоң нерсе – тергөө абагынын жоктугу. Анын кесепетинен жарандардын укуктары одоно бузулууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Акыцйкатчынын областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыял Токтобаев КР Акыйкатчысы Токон Мамытовго атайын расмий кат аркылуу бул маселенин чечилишине жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Анда К. Токтобаева Жалал-Абад шаарындагы КР мамлекеттик жаза аткаруу кызматына караштуу ТИЗО №53 мекемесин жалпы типтеги тергөө абагына которуу маселесин козгогон.
Эгемендик алган жылдар аралыгында Жалал-Абадга жалпы тартиптеги тергөө абагын куруу маселеси дайыма көтөрүлүп келген, бирок ушуга чейин бул көйгөй чечилбей кала берүүдө. Тергөө абагынын жоктугунан кылмышка шектелип кармалгандар негизинен област аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында кармалышат. Өзгөчө Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө караган убактылуу кармоочу жайында абал өтө оор. Анткени бул жайда ички иштер кызматтары тарабынан кармалган шектүүлөр гана эмес, андан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан шектелип кармалган жарандар да, ошондой эле иши областтык сотто каралуучу шектүүлөр да кармалышат. Ошентип Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайы тергөө абагынын да ролун аткарып келе жатат. Бул таптакыр мүмкүн эмес нерсе.
Камераларда кармалган шектүүлөрдүн саны өтө көп, нормадан ашыкча. Ошондуктан анда кармалгандар үчүн элементардык шарттар болбой калат. Ошондой эле убактылуу кармоочу жайлардын шарты шектүүлөрдү кыска убакытта кармап турууга ылайыкташкан, тергөө абагындагыдай шарт түзүлгөн эмес. Ал эми шектүүлөр ал жайларда айлап, кээде жылдап жатып калышат. Анысы аз келгенсип, убактылуу кармоочу жайларда зордук-зомбулук, кыйноо фактылары да тыйылбай келе жатат.
Ал эми Жалал-Абад шаарында жайгашкан №53 тергөө абагы 76 адамга ылайыкташкан жана ал жерде татип боюнча шектүү аялдар менен жашы жете элек балдар кармалат. Учурда ал жерде 30 аял кармалып турат. Алардын 12си Жалал-Абад областынын аймактарынан алынып келинсе, калганы Ош жана Баткен областтарынан келишкен. Ошентип, тергөө абагы жарым-жартылай бош турат, натыйжалуу пайдаланылбай жатат. Ал эми ошол кармалып жаткан 30 шектүү үчүн тергөө абагында 50 кызматкер иштеп келет.
Бул тергөө абагы КР өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тармагында №53 мекемени уюштуруу жөнүндө” №635 токтомуна ылайык түзүлгөн. Кийинчерээк КР өкмөтүнүн алдындагы Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын 2016-жылдын 15-мартындагы “№53 мекеменин жобосу жөнүндө” №115 буйругунда бул мекемеде шектүү аялдар жана жашы жете элек балдар кармалат деп көрсөтүлгөн. Бирок, Кыргыз Республикасынын “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамында аялдар жана жашы жете элек балдарды өзүнчө кармоо тууралуу чектөө көрсөтүлгөн эмес.
Бул тергөө абагына тиешелүү көйгөй 219-жылдын 9-апрелинде Жалал-Абад областынын укук коргоо органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын уюштурулган тегерек столдо талкууга алынган. Ал жерде тергөө абагынын Жалал-Абад областынын аймагында өтө керек экени айтылып, бул маселени тезирээк чечүү зарылдыгы баса белгиленген. Дегинкиснде, тергөө абагына байланышкан бул көйгөй буга чейин да көп жолу көтөрүлүп, талкууланып келе жатат, бирок чечилбей келатканы өкүнүчтүү.
КР Акыйкатчысынын областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Токтобаева жарандардын укуктары одоно бузулуп жатканын, ошого байланыштуу Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагын жалпы тартиптеги тергөө абагына өткөрүү зарылдыгын белгилеп, борбордон жардам сурады. Эми бул маселе чечилеби, чечилсе качан жан кантип чечилет, аны убакыт көрсөтөт. А бирок бүгүнкү күндө убактылуу кармоочу жайлардагы абал оор жана жарандар кыйналып, укуктары бузулуп жатат.